КРнын РФдагы Элчилигинин 2023-жылдын 6-мартындагы пресс - релизи

754

 

2023-жылдын 6-мартында кыргыз делегациясынын «Келечек үчүн Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын диалогу» аттуу Биринчи кыргыз-россия аялдар форумуна катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү А.Чынбаеванын Россия Федерациясынын Президентине караштуу Балдардын укуктары боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү М.Львова-Белова менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар балдардын укуктарын коргоо жаатындагы мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана камсыз кылуу тутумун өркүндөтүү боюнча кыргыз-россия кызматташтыгын өнүктүрүү тууралуу Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгууну макулдашышты, ошондой эле эки өлкөнүн Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институттарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна кол коюу мүмкүнчүлүгүн карашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK