Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.С.Джусупбекованын Россия Федерациясынын Билим берүү министринин орун басары-Статс-катчысы А.А.Корнеев менен жолугушуусу болуп өттү.

339

2023-жылдын 7-мартында кыргыз делегациясынын «Келечек үчүн Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын диалогу» аттуу Биринчи кыргыз-россия аялдар форумуна катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.С.Джусупбекованын Россия Федерациясынын Билим берүү министринин орун басары-Статс-катчысы А.А.Корнеев менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз-россия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде россия тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында тогуз билим берүү мекемесин куруу боюнча мурда жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунунун жүрүшүн талкуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого өз ара даярдыгын билдиришти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK