Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Г.М.Баатырованын Роспотребнадзордун жетекчиси А.Ю.Попова менен жолугушуусу жөнүндө

365

2023-жылдын 7-мартында Россия Федерациясына болгон иш-сапарынын алкагында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Г.М.Баатырова менен Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын жыргалчылыгын коргоо боюнча Федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) башчысы А.Ю.Попова менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар эпидемиологиялык жана санитардык коопсуздук жаатында эки тараптуу кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, жугуштуу жана вирустук ооруларга каршы күрөшүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасын белгилешти.

Министр Г.М.Баатырова россия тарапка калкты эмдөөнүн алкагында көрсөткөн туруктуу колдоосу жана жардамы, ПЧР-тест системалары түрүндө гуманитардык жардам, коронавирустук пандемиянын жайылышынын кесепеттерин жоюу боюнча көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. А.Ю.Поповага көп жылдык кызматташуусу жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK