Элчиликтин 2023-жылдын 17-мартындагы пресс – релизи
Элчилик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №689 «2023-жылга майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө» токтомуна ылайык 2023-жылдын 18-мартынан 21-мартына чейинки мезгил эс алуу күнү болуп саналат. Буга байланыштуу Элчилик бул күндөрү жарандарды консулдук кабыл алуу иштерин жүргүзбөйт.
Ошол эле учурда консулдук бөлүмдө тез арада юридикалык жана консулдук жардамды талап кылган оор кырдаалда мекендештердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү үчүн ишеним телефондору иштейт: +7 925 285 50 47; +7 (925) 115 50 47.
Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө келүүнү башка даталарга пландаштырууну өтүнөбүз.