2023-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиевдин кыргыз диаспорасы менен жолугушуусу болуп өттү.

117

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиев Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылып жаткан жана пландаштырылган иш-чаралар жана долбоорлор, ошондой эле  Кыргызстандан жумушчу күчүнүн агып чыгышын азайтуу максатында облуста жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү К.Жумагазиевдин көңүлүн аймактагы калктын, ошондой эле Чүй облусунан келип Россияда эмгек миграциясында жүргөн мекендештердин айрым көйгөйлөрүнө бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Чүй облусун мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди кабыл алуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK