Элчиликтин 29-майдагы пресс - релизи

134

2023-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Сургут шаарындагы Канцеляриясынын Кеңешчи-консулу У.Ашимов Россиянын Сургут шаары боюнча Ички иштер башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барды.

Мекемеге болгон иш сапарынын алкагында Консул Кыргыз Республикасынын 5 жараны менен жолугушуп, аларды кызыктырган бардык маселелер, анын ичинде Россия Федерациясынан депортациялоонун тартиби боюнча толук маалымат берилди. Кыргызстандын жарандарынын бардык кайрылуулары эске алынган, ошондой эле алардын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайынын шарттарына дооматтары жок экендиги айтылды.

Ошондой эле жогоруда аталган Борбордун Жетекчилиги менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Элчиликтин укук коргоо иш-чараларынын алкагында аталган мекемелерге баруу иштери туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK