Элчиликтин 29-майдагы маалыматтык билдирүү

201

Жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан «Кыргызстандык аял бир жылдан бери Москванын СИЗОсунда жатат жана бийликтен жардам сурайт» аттуу маалыматка байланыштуу Элчилик төмөнкүнү билдирет.

2022-жылдын 10-июнунда саат 17:50дө  Кыргыз Республикасынын  М.Б. аттуу жараны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө кайрылып, 2022-жылдын 10-июнунда саат 02:00 чамасында Москва шаарындагы «Кузьминки-Люблино» жаратылыш-тарыхый паркынын аймагында белгисиз адамдар күч колдонуп, анын И.М. (күйөөсү А.Н.) аттуу бир тууганын «Hyundai Solaris» маркасындагы таксиге салып, белгисиз тарапка алып кетишкенин билдирген.

Москва шаарынын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын, Түштүк-Чыгыш административдик округу боюнча Ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле Москва шаарынын Кузьминки району боюнча Россиянын ИИМнин ыкчам кызматкерлери менен биргеликте бул топту кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп, аларды ташып жүргөн каражаттар да белгиленген.

Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен Москва шаарындагы Малый Каретный тилкесинде  жайгашкан батирлердин биринен жабырлануучу И.М. табылган. Жабырлануучуну мажбурлап кармап, туугандарынан 1 800 000 рубль талап кылышкан. Россиянын укук коргоо органдары бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктап, кармашкан.

Кыргыз Республикасынын жараны А.Н.га карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-статьянын 3-бөлүгүнүн «а» пунктунда (Уюшкан топ тарабынан адам уурдоо) 163-статьянын 3-бөлүгүнүн «а», «б» пункттарында  (Уюшкан топ тарабынан ири өлчөмдө мүлккө ээ болуу үчүн опузалап талап кылуу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал Москва шаары боюнча Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын Түштүк-Чыгыш административдик округу боюнча тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө бөлүмүндө кармалып турат.

Бул кылмыш иши боюнча бир өндүрүштө Кыргыз Республикасынын жарандары А.А., Х.Р., К.Б., У.Б., К.Б., Э.Т., М.Э., Ж.У.га жана башка белгисиз адамдарга карата башка кылмыш иштери козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча жогоруда аталган адамдардын аларга карата коюлган кылмыш аракеттеринде катыштыгы бардыгы жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, тергөө аракеттеринин протоколдору, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жана кылмыш ишинин башка материалдары менен ырасталат.

Кылмыш иши боюнча алдын ала тергөөнүн мөөнөтү бир нече жолу узартылган, акыркы жолу 2023-жылдын 24-апрелинде 1 айга, жалпысынан 12 айга чейин, б.а. 2023-жылдын 12-июнуна чейин узартылган.

Кылмыш иштерин тергөөнүн өзгөчө татаалдыгы бул ишке катыштыгы бар күнөөлүү жактардын санынын көптүгүн эске алуу менен кылмыш-процессуалдык аракеттердин, соттук-медициналык экспертизалардын, тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын узактыгы менен шартталарын белгилей кетүү зарыл.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен иш Россиянын сотторунда каралып, мыйзамдуу чечим чыгарылат.

Ошол эле учурда КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкерлери тарабынан А.Н. аттуу жаранга кандайдыр бир басым көрсөтүлгөндүгү боюнча маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK