КР ТИМинин Башчысы Ж.Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму башталды

176

2023-жылдын 12-октябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаевдин төрагалыгы астында КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.

Жыйындын жүрүшүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери эл аралык күн тартибинин жана Шериктештик форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маселелери боюнча пикир алмашат, ошондой эле Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жана КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына чыгарылган чечимдердин долбоорлорун карашат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK