Москва шаарында КР Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиев кыргыз диаспорасынын активисттери жана аймактык лидерлери менен жолугушту

334

2023-жылдын 15-октябрында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиев кыргыз диаспорасынын активисттери жана аймактык лидерлери менен жолугушту. Жолугушуу Россия Федерациясынын аймагында «САРЫ- ӨЗӨН ЧҮЙ» коомдук бирикмесинин түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына арналган салтанаттын алкагында өттү.

К.Джумагазиев иш-чаранын катышуучуларын мааракеси менен куттуктап, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга кошкон салымын белгилеп, диаспора активисттерине кыргыз элинин маданиятын жана каада-салтын сактоо боюнча жигердүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, жолугушууда К.Джумагазиев жарандарга экономиканын түрдүү тармактарында жетишилген жыйынтыктар, региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн келечектүү пландары тууралуу кеңири маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлү ишке киргизүүгө даярдалып жаткан жаңы өнөр жай объектилери жөнүндө, алардын иштөөсү региондо кошумча жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берери жана ал жаңы квалификациялуу эмгек ресурстарын, анын ичинде чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин арасынан талап кылынары  тууралуу өзүнчө билдирди.

Өз кезегинде, жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнө эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү ар кандай маселелерди чечүүдө мекендештер менен болгон активдүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстандын акыркы жылдардагы өнүгүүсүн канааттануу менен белгилешип, өлкөнүн турмушунун ар кыл аспектилери боюнча өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында аймакты мындан ары өнүктүрүү үчүн биргелешкен аракеттер тууралуу макулдашууга жетишилди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK