Элчилик түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрүнүн, Россия Федерациясындагы кыргыз диаспора уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин лидерлери жана активисттери менен жолугушуусун уюштурду

289

2024-жылдын 9-февралында Элчилик түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрүнүн, Россия Федерациясындагы кыргыз диаспора уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин лидерлери жана активисттери менен жолугушуусун уюштурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору А.С.Омурбекова Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча кеңири маалымат берди.

Эмгекчилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздоо (камсыздандыруу) жобосуна, ЕАЭБ алкагындагы ченемдик укуктук базага, мүчө мамлекеттердин пенсиялык тутумдарындагы айырмачылыктарга, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шартында Россия Федерациясында пенсияга чыгуу шарттарына, Кыргызстан менен Россиянын мисалында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга өзгөчө басым жасалды. Элчиликтин жана ЕЭКтин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын жаранынын пенсиялык укугун калыптандыруу үчүн Россиянын аймагында мыйзамдуу эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө жана зарылдыгына чоң көңүл бурушту.

Жолугушуунун катышуучулары Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына пенсия жана медициналык камсыздандыруу боюнча кызыктырган суроолорун беришти.

Кыргыз диаспора уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин лидерлери жана активисттери керектүү толук маалыматты алууда, бул жолугушууда жемиштүү болгонун белгилешти.

Элчилик жолугушуунун катышуучуларынан жолугушуунун жүрүшүндө алынган маалыматтарды бул багытта Россияда иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жеткирүүсүн өтүндү.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар бул форматта Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын видеоконференция аркылуу байланышуу мүмкүнкүнчүлүгү менен кошумча жолугушуу уюштурууну макулдашышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK