КРнын РФдагы Элчилигинин өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасынын активисттери РФнин ИИМнин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы В.Казакова менен кезектеги жумушчу жолугушууга катышышты

189

2024-жылдын 15-февралында Элчиликтин өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасынын активисттери видеоконференцбайланыш аркылуу Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы В.Казакова менен кезектеги жумушчу жолугушууга катышышты. Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын жана улуттук диаспораларынын өкүлдөрү да катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсү жана алардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Атап айтканда, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилиги Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар боюнча статистикалык маалыматтарды кыскача берди, Россияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга банк эсебин ачуу, никени каттоо, транспорт каражатын жана кандайдыр бир мүлктү каттоо сыяктуу кызмат көрсөтүүгө толук тыюу салууну камтыган мыйзамдык демилгелер иштелип жатканы тууралуу маалымдады.

Ошону менен бирге, россиялык органдын өкүлдөрү КМШ өлкөлөрүнүн жарандары тарабынан жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын өсүү тенденциясы улануу фонундагы кылмыштуулуктун абалы жөнүндө жалпы маалымат беришти. 2023-жылы Кыргызстандын жарандары кылмыштардын жалпы санынын 9,7%ын – 3784 кылмышты (7,6%га азайган) жасаган.

Бул контекстте россиялык тарап Россия Федерациясында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга карата Россиянын укук коргоо органдарынын көзөмөл функцияларын мындан ары да күчөтүү ниетин белгиледи жана терс кесепеттерге жол бербөө үчүн Россия Федерациясынын мыйзамдарын так сактоо зарылдыгына көңүл бурду.

Жолугушуу чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясында жүрүү жана иштөө тартибин түшүндүрүү, алар үчүн пайда болгон көйгөйлүү маселелерди талкуулоо, административдик укук бузуулардын алдын алуу жана жарандардын Россиянын аймагында деструктивдүү иш-аракеттерге катышуусуна жол бербөө максатында уюштурулду.

Жыйынтыгында катышуучулар көп тараптуу форматта диалогду мындан ары да улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK