Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинде КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Саха (Якутия) Республикасынын делегациясы менен жолугушуусу өттү

3600

2020-жылдын 6-февралында Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Саха (Якутия) Республикасынын РФнын Президентинин алдындагы Туруктуу өкүлү - Саха (Якутия) Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары Федотов Андрей Сандаминович жетектеген Саха (Якутия) Республикасынын делегациясын якут тарабынын демилгеси боюнча жолугушуусу өттү. Жолугушууга  Саха (Якутия) Республикасынын Тышкы байланыштар жана иштер боюнча министри Кириллин Гаврил Витальевич жана «Намский улус (район)» муниципалдык түзүмдүн Башчысы Слепцов Юрий Иннокентьевич катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин жана экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар, туризм, миграция, билим берүү чөйрөлөр алкагында кызматташуунун азыркы абалы тууралуу пикир алмашуулар болду.

Тараптар Кыргыз Респбликасынын Россиядагы жана Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Кайчылаш жылды өткөрүүгө даярдык көрүү, Саха (Якутия) Республикасынын жана ал аймактагы кыргыз диаспоралык уюмдардын катышуусу тууралуу маселелерди талкуулашты.

Якутия тарабы 2022-жылы белгилүү советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Сибирде Совет бийлигин орнотуудагы активдүү катышуучусу М.К.Аммосовдун 125 жылдыгы белгилене тургандыгы жөнүндө маалымат берип кетти. Буга байланыштуу  иш-чараларды биргелешип иштеп чыгуу, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Саха (Якутия) Республикасындагы жана Саха (Якутия) Республикасынын Кыргыз Республикасындагы күндөрүн өткөрүү сунуштары айтылды.

Посол А.Джекшенкулов кыргыз тарабы эки республиканын ортосунда келечекте ишке ашуучу иш-чаралардын үстүндө биргелешип иштөөгө даярдыгын жана кызыкдар экендигин билдирди жана конкреттүү Иш план иштеп чыгууну сунуштады.

Якутия делегациясынын башчысы, Саха (Якутия) Республикасынын РФнын Президентинин алдындагы Туруктуу өкүлү А. Федотов эки тараптуу мамилелердин өсүү динамикасын жана тыгыз байланыштардын активдүүлүгүн жогору белгилеп, кыргыз диаспорасы менен конструктивдүү иштерди, ошондой эле азыркы кезде чечилбеген  маселе жоктугун маалымдап кетти. 

Якутияда Элчиликтин Кеңсесин ачуу боюнча  уюштуруу маселелер талкууланды. Якутия тарабы Кеңсенин ачылышына керектүү көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Саха Якутиянын ортосунда достук мамилелерди мындан ары да бекемдеп, өнүктүрүү жана муниципалдык башкармалыктар ортосунда байланышты орнотуу тууралуу келишимге келишти. Кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара пайалуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеп кетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK