КРнын РФдагы Элчилиги Кышкы дипломатиялык оюндарда катышып, спорттун үч түрү боюнча биринчи орунга ээ болушту

3159

2020-жылдын 8-февралында Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги  Россиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык корпусту тейлөө боюнча башкы башкармалыктын филиалы «Москоу Кантри Клаб»  клубунда өткөн XX Кышкы дипломатиялык оюндарга катышты.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун жетекчилиги менен Элчиликтин кызматкерлери мелдештерде спорттун үч түрү боюнча 40 өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын ичинен  Биринчи орундарга ээ болушту: стол тенниси, орус бильярды жана футбол боюнча.

Бул жетишкендик Элчиликтин рекорду жана Кышкы дипломатиялык оюндардын тарыхында бир Элчилик үч спорттун түрүнөн тең биринчиликти алып кеткендиги боюнча биринчи жолу болууда.

Салка айланып калган спорттук майрам РФнын Дипломатиялык кызматкерлеринин күнүно карата өткөрүлүүдө.

Бул жылы Кышкы оюндар мааракелик форматта өттү. Дипломатиялык корпусту тейлөө боюнча башкы башкармалык оюндарды жыйырманчы жолу өткөрүүдө. 1997-жылы биринчи жолу  «Москоу Кантри Клаб»  клубунда биринчи жолу дипломатиялык өкүлчүлүктөр арасында лыжа боюнча жарыштар өтүп, Кышкы оюндар катары өткөрүлө баштаган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK