Элчи А.Джекшенкулов Кыргыз Республикасынын белгилүү обончу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыровдун жаркын элесине арналган Москва шаарында эмгектенип жаткан таланттуу мекендештерибиз арасында “Ырдайлы Рыспайдын ырларын” аттуу кароо-сынактын ишине катышты

3184

2020-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Кыргыз Республикасынын белгилүү обончу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыровдун жаркын элесин эскерүүгө арналган Москва шаарында эмгектенип жаткан таланттуу мекендештерибиз арасында “Ырдайлы Рыспайдын ырларын” аттуу кароо-сынактын ишине катышты.

Иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасынын “Кара-Кулжа” коомдук уюму тарабынан уюштурулду.

Элчи А.Джекшенкулов кыргыз маданиятына, анын ичинде кыргыз музыкасына өчпөс из калтырып кеткен Р. Абдыкадыровдун чыгармачылыгынын өзгөчө стилин, адамдык жогорку сапаттарын белгилөө менен “Ырдайлы Рыспайдын ырларын” кароо-сынакты уюштуруучуларга, сынактын катышуучуларына терең ыраазычылык билдирип, Элчиликтин ыраазычылык каттарын тапшырды.

Ыр майрамдын катышуучуларын колдоо иретинде Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын жетекчилери, активисттери катышышты.

Конкурска 7 байге коюлду. Калыстардын ачык-айкын сынагынын жыйынтыгында  баш байгеге ( 20000 р. + телевизор) Ибраимов  Алмаз ээ болду. Биринчи орун - Алтынбек Тотуев (15000 р. +кол саат); экинчи орун - Кубанычбек уулу Өмүршер (10000+кол саат); үчүнчү орун - Дүйшөналиева Жаркынай (8000+кол саат), ошондой эле кийинки үч орунга да кызыктыруучу акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

Жалпысынан 32 талапкер катышты. “Кара-Кулжа” коомдук уюму тарабынан катышуучлардын баарына белектер таркатылды. Көрүүчүлөргө кыргыздын улуттук символу болгон ак калпак жана ак жоолук тартууланды.  

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK