КРнын РФдагы Элчилигинин Маалыматтык кабары 27-март 2020-жыл

3547

Курамына КРнын ИИМнин жана Миграция кызматынын Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн, ошондой эле КРнын Москвадагы эл аралык уюмдардагы өкүлдөрү кирген Элчиликтин алдындагы Штаб  КРнын жарандарын мекенине жөнөтүү боюнча иштерди улантууда. Аталган Штаб 2020-жылдын 17-мартында уюштурулган.

2020-жылдын 17-мартынан 24-мартына чейинки мезгилде КРнын Элчилиги КРнын Өкмөтүнүн жана КРнын РФдагы Элчилигин биригелешкен аракеттери менен авиа каттамдар уюштурулуп, транзиттик аймакта калып калган жарандар жана мурун жокко чыгарылган каттамдарга билет алган жургүнчүлөр жөнөтүлдү.

Москвадан Бишкекке 30 авиакаттам жөнөтүлүп, 3500 жаран мекенине учуп кетти. 17-марттан 19-мартка чейин Сургут, Красноярск жана Санкт-Петербург шаарларынан бирден каттам жана Новосибирск шаарынан 6 авиакаттам уюштурулуп, жалпысынан 1383 КРнын жараны кетирилген.  20-марттан 23 мартка чейинки мезгилде 1617 жаран Москвадан, Сургуттан, Санкт-Петербургдан жана Екатеринбургдан жөнөтүлгөн. Мекенине жөнөтүлгөн жарандардын жалпы саны 5117 адамды түздү.

Бүгүнкү күнү На сегодня, по имеющимся данным, в аэропорту «Шереметьево» аэпортунда 40тан ашуун жаран жалпы аймакта жана 17 жаран транзиттик аймакта күтүүдө.

Новосибирск шаарынын Толмачево аэропортунда 200гө жакын КРнын жараны авиа каттам күтүшүүдө.

Россиялык-казакстандык мамлекеттик чек арада азыркы кезде 90 адам чек аранын ачылышын күтүүдө.

Штабдын өкүлдөрүнөн турган атайын түзүлгөн мобилдик топтор КРнын жарандары топтолгон жерлерде болушуп, мүмкүн болгон бардык жардамдары, тамак-аш, медициналык жардам көрсөтүшүүдө.

Кыргызстанда жана Россияда коронавирустук инфекцияга байланыштуу катаал кырдаалга байланыштуу, Элчилик дагы бир жолу авиакаттамдардын журбөй калышына байланыштуу аэропортторго барууну токтотууну жана коронавируска каршы аракет көрүү боюнча Кыргызстандын республикалык Штабы жана Россиянын Координациялык кеңеши тарабынан киргизилген шарттарды, мыйзам, тартиптерди бузбай, санитардык-медициналык көрсөтмөлөрдү сактоого чакырат. 

Өз кезегинде КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы Штаб күчөтүлгөн режимде иш алып барууну улантууда, Москва шаарынан биздин мекендештер кеткен  – «Домодедово», «Шереметьево» аэпропортторунда өз компетенциясынын чегинде россиялык өнөктөштөрү, авикомпаниялардын өкүлдөрү менен биргеликте тийиштүү бардык иштерди жүргүзүүдө.

Жарандарды кабыл алуу токтотулбастан, кызматкерлер дежурлукту актарышууда, күнү-түнү тез байланыш линиясы иштөөдө. Кырдаалга байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу же электрондук даректерге: +499-237-48-82, 237-46-01, +495 237-44-52, +499-238-33-04 жана kgembassy.ru@mfa.gov.kg, 4992385069@mail.ru, ошондой Элчинин блогуна: www.elchi.ru байланышсаңыздар болот

Тез байланыш телефону: +7 (925) 103-29-11.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK