КРнын РФдагы Элчилигинин маалыматтык кабары 2020-жылдын 1-апрели

5827

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги 2020-жылдын 1-апрелине карата Россиядагы Кыргызстандын жарандары менен байланышкан кырдаал тууралуу маалымдайт.

  • Москва шаарынын Троицк районунун Голохвастово айылында курулуш объектисинде үстүбүздөгү жылдын 30-мартында саат 23.00дө өрт чыгып, коронавирустук инфекция жуктуруп алгандарды дарылоо үчүн оорукана курулуп жаткан жерге КРнын РФдагы Элчилигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери  барып келишти. Жыйынтыгында Кыргызстандын 9 жараны жашаган 2 чатыр күйүп кеткен. Өрт учурунда эч ким жабыр тарктан эмес, КРнын жарандары жумуш орундарында болушкан, өрттө аталган жарандардын жеке буюмары, документтери өрттөлүп кеткен. Баардыгына документтерди кабылыбына келтирүү боюнча түшүндүрмө берилип, убактылуу документ жасап берүү үчүн сүрөттөргө тартып алышты.

Белгиленген 9 жаран азыркы кезде жумуштарын улантууда, башка чатырларга көчүрүлдү. Айлык акы жана жашаган шаттары аларды канааттандырат. Тамак-аш жана башка дагы шарттар боюнча суроо-талаптары жок. Жеринде өрт өчүргүч жана медициналык жардам дайыма турат.

Курулуп жаткан объектинин заказ берүүчүсү Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти, ал эми ишти аткарып жаткан бир нече курулуш компаниясы болуп саналат. Крулуш объектисинде жалпы 2000 миң киши иштөөдө, алардын ичинен 32 жаран кыргызстандык.

  • Элчилик ошондой эле 2020-жылдын 31-мартында Москва шаарынын “Шереметьево” аэропортунда артка жылдырылган авиарейсти күткөн 60тай жаран болгондугун жана аларга тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бир топ жаран Москва шаарында жашаган орундарына кайтышкан. КРнын 21 жараны Элчиликтин алдындагы Штабдын жана кыргыз диаспорасынын көмөгү менен алдын ала даярдалган жатаканага жеткирилип, тамак-аш менен камсыз болушту.

Азыркы кезде “Шереметьево” аэропортунун КРнын аба жолдоруна каттоочу кааттамдар чыгуучу D терминалы жабык.

  • Новосибирск шаарынын “Толмачево” аэропортунда кырдаал боюнча аэропортто 2020-жылдын 27-мартында учпай калган  жана 2-апрелдеги каттамга алынган билеттери менен жалпысынан 294 КРнын жараны турат, бардык жүргүнчүлөр “S7” авиакомпаниясынан билет алышкан.Транзиттик аймакта 6 жаран күтүүдө, алар 26-мартта Нячанг шаарынан (Вьетнам) учуп келишкен.

Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугунун маалыматы боюнча азыркы кезде аэропорттун жалпы залында 105 жаран отурат, убактылуу жатаканада 7 жаран, ал эми айрымдары аэропорттон алыс эмес жерлерден авиа каттам жөнгө салынганга чейин убактылуу турак жай ижарага алышты, айрымдары РФнын аймактарына чыгып кетишкен.

КРнын Башкы консулдугунун жана кыргыз диаспорасынын көмөгү менен күнүгө дежурлук уюштурулуп, күнүгө эки жолку тамак уюштурулган. Кош бойлуу жана оорукчан жарандарга тийиштүү медициналык көмөк көрсөтүлүүдө. Ошол эле аэропорттон КРнын 67 жаранынан миграциялык картасынын мөөнөтүн узартып берүү ишке ашырылган. Бүгүнкү күнү КРнын Башкы консулдугунун жана кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активиситтерин жардам жана түшүндүрмөлөрүнө карабастан, жарандар Мекенине жөнөтүүнүн талап кылышууда.

  • Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында, россиялык-казакстандык мамлекеттик чек арадагы КРнын жарандарынын абалы боюнча Элчилик азыркы кезде ал жерде азыркы кезде 100гө жакын  адам жеке мейманканаларга жайгаштырылган 3 үй-бүлө жергиликтүү имамдын көмөгү менен жайгаштырылгандыгын маалымдайт. 15 жаран- унаа айдоочулары өз каалоосу менен унаада калып, чек аранын ачылышын күтүүдө. Оренберг шаарындагы КРнын Ардактуу консулу жарандар үзгүлтүксүз байланышта, Оренбург облусунун бийлиги жергиликтүү кыргыз диаспорасынын көмөгү менен бардык болгон жардамды көрсөтүүдө.

Ошону менен бирге жергилктүү бийлик өкүлдөрүнүн, консулдук кызматкерлердин жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн бир нече жолку кайрылуу, түшүндүрмөлөрүнө карабастан, айрым жарандар терс кабыл алып. кырдаалды курчутуу аракеттерин көрүп, атайын жалган маалыматтарды таратуу менен, Россия жана Казакстан тарабынан жарыяланган карантинге байланыштуу мүмкүн болбой турган, россиялык-казакстандык мамлекеттик чек араны ачууну талап кылып жатышкандыгын белгилей кетебиз.

  • Элчиликтин алдындагы Штаб ар бир муктаж болгон мекендештерге жардам берүү аракеттерин күнү-түнү көрүүдө жана жарандарды авиа каттамдар, чек аранын ачылышы тууралуу такталбаган маалымат таратып, элди дүрбөлөңгө салбай пандемиялык вируска байланыштуу кырдаалга туура мамиле кылууга  чакырат.

Элчилик коронавирус инфекциясына байланыштуу коопсуздукту сактоо максатында Кыргызстан менен Россиянын ортосунда бардык авиа каттамдар токтотулгандыгы тууралуу дагы бир жолу маалымдайт.

Элчилик мекендештерге жашаган ордунан чыкпай, кырдаалга байланыштуу шарттарды, мыйзам, тартиптерди бузбай, санитардык-медициналык көрсөтмөлөрдү сактоого дагы бир жолу чакырат.

Кырдаалга байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу же электрондук даректерге: +499-237-48-82, 237-46-01, +495 237-44-52, +499-238-33-04 жана kgembassy.ru@mfa.gov.kg, 4992385069@mail.ru, ошондой Элчинин блогуна: www.elchi.ru байланышууга болот. Тез байланыш телефону: +7 (925) 103-29-11.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK