Элчиликтин маалыматтык кабары 2020-жылдын 19-апрели

3636

Кыргызстанда жана Россияда эпидемиологиялык кырдаалдын оорлошуна байланыштуу, ошондой эле Кыргызстандык жарандарды самолет жана автобус менен мекенине алып кетүү үчүн Элчилик тарабынан тизме түзүлүп жаткандыгы тууралуу жалган маалыматтын тарап, көбөйүп жаткандыгы боюнча КРнын РФдагы Элчилиги төмөндөгүлөрдү түшүндүрөт.

 

Тилекке каршы, мекенине алып кетүү үчүн түзүлүп жаткан тизмеге киргизүү үчүн белгилүү бир суммада акча сурап жаткан, ошондой эле жашаган орду боюнча жасалма каттоого тургузууну, жасалма паспортторду сунуштаган алдамчы, чайкоочулар көбөйүп жатат.

 

Ушуга байланыштуу Элчилик жарандарга чындыкка дал келбеген жалган маалыматтарды таратуудан баш тартууну, эмгек мигранттарына жардам берип жатабыз деген жасалма түрдө иштеген ар кандай кайрымдуулук фонддордун чагымчыл маалыматтарына, ошондой эле Россиядан Кыргызстанга алып кетебиз деген айрым саясатчылардын популисттик убадаларына жана билдирүүлөрүнө ишенбөөгө чакырат.

 

Ошону менен бирге бүгүнкү күнү Россия жана Казакстан тарабынан бардык авиа, темир жана автоунаа жолдору жабык экендигин расмий түрдө билдиребиз. Чартердик жана дайыма каттоочу авиакаттамдар кайра жанданганда, кыргыз-казакстан чек арасы ачылган убакта ал тууралуу биздин мекендештерге расмий түрдө өзүбүз жарыялайбыз.

 

Жакынкы арада Новосибирк шаарында колунда билети бар, авиа каттамдары болбой калган КРнын жарандарын Бишкекке кетирүү үчүн чартердик каттам уюштуруу иштери уланууда, маселе азыркы кезде россия бийлигинин кароосунда болууда.

 

Эпидемиологиялык абалдын кыйындашынан улам, Элчиликке күнүгө 400-500дөн ашуун ар кандай оор абалда калган жарандардын кайрылуулары келип түшүүдө.

Элчиликтин алдындагы Штабда кыргыз диаспорасынын активисттери, волонтерлор менен биргеликте тамак-аш, убактылуу жашоо жай менен камсыздоо, медициналык жардам көрсөтүү, жумушка орноштуруу, консулдук жана башка маселелер боюнча жарандардын кайрылуулары каралып, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө.

 

Эң керектүү тамак-аш менен камсыздоо атайын критерий менен берилет, биринчи кезекте өтө муктаждарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелер, оорукчан жана улуу жаштагы жарандарга берилерин белгилей кетебиз.

 

Россияда коронавирустук илдетке чалдыккандардын саны кескин өсүп жаткандыгына жана жардам сураган кайрылуулардын саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен 2020-жылдын 19-апрелинен баштап Элчиликте КРнын жарандарынын арызын күнү-түнү кабыл алуучу Call-борбор түзүлдү.

Элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

+7 (925) 387 41 27 – мобильный (вотсап);

+7 (925) 387 45 97 – мобильный (вотсап);

+7 925 103 29 11 – мобильный ( вотсап).

Элчилик КРнын жарандарын азыркы кырдаалга байланыштуу Россияда киргизилген тартип, эрежелерди сактоого, жеке саламаттыгына карап, өздөрүн жана жакындарын сак болууга чакырат.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK