Элчиликтин Пресс-релизи 2020-жылдын 19-апрели

3854

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында туруу жана жалпы жарандык паспорттордун мөөнөтүнүн узартылышы, ошондой эле “жүк 200” жөнөтүлүшү тууралуу Элчилик төмондөгүлөрдү маалымдайт.

 

РФнын аймагында убактылуу жашоосу боюнча катталуусу боюнча Элчилик 2020-жылдын 18-апрелинде РФнын Президентинин Жарлыгы чыккандыгын билдирет, ага ылайык 15-марттан 15-июнга чейин Россияда турган чет өлкөлүк жарандын убактылуу туруу мөөнөтү токтотулуп турат.

 

Башкача айтканда, белгиленген мезгилде убактылуу туруу мөөнөтү өтүп кеткен болсо, мөөнөтүн узартуу үчүн РФнын ИИМнин миграция маселеси боюнча бөлүмдөрүнө кайрылып кереги жок, жана мөөнөтү өтүп кеткен убактылуу туруу документи (регистрация) менен эч кандай өлкөдөн чыгарып жиберүү же административдик чаралар Россия органдары тарабынан колдонулбайт.

 

КРнын жалпы жарандык паспорттун мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кайрылуулар боюнча Элчилик паспорттордун иштөө мөөнөтүн узартуу маселеси жакынкы арада чечилээрин билдирет.

 

Ошондой эле эпидемиологиялык абалдын кыйындашынан улам “жүк 200”дү Кыргызстанга алып кетүү кайрылуулар көбөйүп жатат. Бүгүнкү күнү Казакстан аймагы аркылуу автоунаа менен каза болгон жарандардын сөөгүн Казакстан аймагы аркылуу алып өтүү маселеси чечилди.

 

2020-жылдын 17-апрелинен бүгүнкү күнго чейин 17 “Жүк 200” Кыргызстанга жөнөтүлдү.

 

Ошону менен бирге россия жана казакстан тарабы менен болгон макулдашууга ылайык “Жүк 200” атайын жабдылган автоунаада, тийиштүү документтери менен, бир жакын адамынын коштоосунда өткөрүлө тургандыгын белгилейбиз.

 

Кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча Элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);

+7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап);

+7 925 103 29 11 – мобилдик( вотсап).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK