Элчиликтин Пресс-релизи 2020-жылдын 20-апрели

3496

Россияда жана Москва шаарында коронавирустук илдетке чалдыккандардын саны кескин өсүп жаткандыгына жана үстүбүздөгү жылдын май айынын ортосуна чейин кырдаалдын оорлошуусу тууралуу божомолду эске алуу менен, Москва облусунда жана Москва шаарында КРнын жарандарынын арасында коронаврустук илдеттин алдын алуу, аны жайылтпоо  максатында Элчиликтин алдындагы Штаб тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу Элчилик маалымдайт.

2020-жылдын 3-февралынан бүгүнкү күнгө чейин Элчилик тарабынан Кыргызстанга Роспотребнадзордон алынган 50 000 бейтапты лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн жана  COVID-2019 илдетин аныктоочу реагент жөнөтүлдү. Бейтаптардын дене табын алыс аралыктан текшерүү үчүн инфракызыл термометрлер жөнөтүлдү.  

Элчилик тарабынан Россиядагы Кыргызстандык дарыгерлердин Ассоциацияс ыменен биргеликте “Кыргызстандын дарыгер-волонтерлеру”  Коому түзүлдү. Тажрыйбалуу дарыгерлер жана волонтерлер күнү-түнү алыстан мекендеш бейтаптардын абалын тактап, тийиштүү медициналык кеңеш берүү менен алгачкы санитардык-медициналык нормаларды сактоо, дезинфекциялоо эржелерин сактоо боюнча экспресс- түшүндүрмө жана зарыл болгон учурда түздөн-түз медициналык  жардам берип, инфекциянын тарап кетүү очогун жок кылуу боюнча аракеттерди көрүшүүдө.

Күн сайын өткөрүлүп жаткан консультациялардан дарыгрелердин сунуш-көрсөтмөлөрүн 150дөн ашуун бейтаптар алууда. Ар бир жарандын артында 10-15 байланышкан же вирустук оорунун белгилери байкалган  жарандар бар.

Жалпысынан Элчиликтин ишмердүүлүгу мекендештерибиз арасында инфекциянын активдүү фазасына жеткирбөөго багытталууда.  

COVID-19 илдети менен күрөшүүдө тийиштүү медициналык кеңеш жана жардам алуу үчүн Москва шаарындагы КРнын дарыгерлеринин волонтердук тобуна төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылууга болот:

+79260334447   Д. А. Асаналиева

+996777020040  Г.А.Качкынбаева

89257235468   Б.К. Кенешев 

+ 79267029465 Г. М.Сманалиева

89264338013   А. Б. Болотбекова

89264800254   Г.А.Жолбулакова

89016569737   Ж.Э.Эржанова

89251803082   М. К.Каримов

89263447767   Ж. А. Исрилова                    

+79015068550 З.А. Мусаралиева

+79296743646 З. М.  Доолотбекова

Ошондой эле азыркы кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча Элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);

+7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап);

+7 925 103 29 11 – мобилдик ( вотсап).  

Элчилик КРнын жарандарын азыркы кырдаалга байланыштуу Россияда киргизилген тартип, эрежелерди сактоого, жеке саламаттыгына карап, өздөрүн жана жакындарын сак болууга чакырат. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK