Москва шаарынан Ош шаарына чартердик каттам менен 358 Кыргыз Республикасынын жарандары учуп кеттүүсү тууралуу Пресс-релиз

3623

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

КРнын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык 2020-жылдын 13-июнунда Москва шаарынан Ош шаарына чартердик каттам менен 358 Кыргыз Республикасынын жарандары учуп кетти, анын ичинен 2-жашка жете элек 63 ымыркайлар энелери менен.

Бул каттам менен 229 кош бойлуу аялдар, 2-жашка жете элек 63 ымыркайлар энелери менен жана 3 улгайган жарандар жөнөтүлдү.

Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 5,5 эсе жогору турган “бизнес-класс” багытынан орун алган 4 жаран жөнөтүлдү. Бул жарандардын көпчүлүгү аярлуу категорияга кирет.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Элчиликтин алдындагы Жумушчу топ тарабынан жарандардын жеке арыздарынын негизинде жана кыргыз диаспорасынын лидерлеринин сунушу менен түзүлдү.

Бардык кош бойлуу аялдар кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү медициналык маалым каттарды тапшырышкан. Курамына дарыгерлер кирген Жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө бардык маалым каттар текшерилген. Ошондой эле, жарандар тарабынан тапшырылган медициналык документтердин (алардин ичинде, УЗИ корутундулардын) аныктыгын тастыктоо максатында, Россия Федерациясынын медициналык мекемелер менен тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Учуп кеткендердин тизмесин жарыялоо тууралуу өтүнүч менен кайрылган жарандарга жеке мүнөздөгү маалымат тууралуу 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 - Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Элчилик КРнын жарандары тууралуу маалыматты алардын макулдугу жок жарыялай албай тургандыгын маалымдайбыз.

Бүгүнкү күнү Элчиликке Мекенине кайтаруу өтүнүчү менен 6 миңден ашуун арыз келип түштү. Бардык каалоочуларды дароо Кыргызстанга жөнөтүп жиберүүгө мүмкүн эмес. Россиядан Кыргызстанга жумасына эки жолу “Москва-Ош” жана “Москва-Бишкек” авиа каттамдарын уюштуруу пландалып жатат.

Элчилик тарабынан бүгүнкү күнү мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө, РФнын ТИМи, Росавиация, Роспотребнадзор жана авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Россиядан аба кыймылын жүргүзүүгө тыюу салынгандан жана кыргызстандыктарга көмөк көрсөтүү үчүн уюштурулган Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы Штаб ишмердүүлүгүн баштагандан соң, 2020-жылдын 20-мартынан тартып бүгүнкү күнгө чейин  Россиядан Кыргызстанга 46 авиа каттам жана Казакстандын аймагы аркылуу 20-автобус менен мекендештерибизди Кыргызстанга кайтаруу иш-чарасы жүргүзүлгөнүн маалымат катары билдиребиз. Жалпысынан 9 372 мекендешибиз Мекенине кайтты.

Билеттердин баасын аныктоо жана алардын сатуусуу авиакомпаниялар тарабынан жүргүзүлөөрүн Элчилик жарандарыбыздын көңүлүн бурат.

Росавиациянын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тартып бардык авиакомпаниялар (ошондой эле, “Аэрофлот” авиакомпаниясы) тарабынан күйүүчү майга болгон жыйымдарын жогорулатылды (орточо эсеп менен 20 еврого). Бул жыйымдар билеттин баасына кирет. Бул жагдайга карабастан, Россиядагы биздин мекендештерибиздин учурдагы абалын эске алуу менен, Россия Федерациясынын компетенттүү органдары жана авиакомпаниялары менен жакынкы күндөрү пландалып жаткан Москва-Бишкек жана Москва-Ош авиа каттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү боюнча Элчилик тарабынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Элчиликтин алдындагы Штаб учурдагы кризиске байланыштуу жарандарыбызга жардам берүүнү: биринчи кезекте Мекенине жөнөтүү, тамак-аш менен жана убактылуу жашоочу жай (хостелдер) менен камсыздоо боюнча жардам берүү ишин күнү-түнү улантып жаткандыгын белгилеп кетебиз.

Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандардын тынчсыздануусун тең бөлүшүү менен, Элчиликтин алдындагы Штаб үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айлар ичинде Россия Федерациясынан Кыргызстанга ар жумалык чартердик каттамдардын уюштурулаарын да маалымдайт.

Мекенге кайтуу тууралуу ар кандай ушактарга ишенбөөнү жана ар кыл мүнөздөгү чындыкка дал келбеген маалыматтарга алдырбоону, ошону менен бирге мамлекеттик булактарда гана жарыяланган такталган маалыматтарды жетекчиликке алууну өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK