Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынан жөнөтүү тууралуу Пресс-релиз2020-жылдын 14 июну

3477

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб төмөндөгүлөрдү билдирет.

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык 2020-жылдын 14-июнунда Москва шаарынан Бишкек шаарына кезектеги чартердик каттам менен 437 жүргүнчү жөнөтүлгөн, анын ичинен 2-жашка жете элек 39 ымыркайлар энелери менен.

Бул каттам менен Мекенине кайтуу өтүнүчүн камтыган жеке арыздары менен Элчиликке кайрылган жарандар жөнөтүлдү. Тизмеге арыздардын негизинде ар кандай категориядагы жарандар кезеги менен киргизилди. Тизмени түзүү учурунда өзгөчө көңүл аярлуу категориядагы жарандарга бурулду (кош бойлууларга, жаш балдары менен энелерге, улгайган жана катуу ооруган жарандарга).

Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 5,5 эсе жогору турган “бизнес-класс” багытынан орун алган 18 жаран жөнөтүлдү.

Авиа каттам менен кезеги жок учуп кеткен аярлуу категориядагы жарандардын медициналык документтерин Жумушчу топтун курамына кирген дарыгерлер текшерип, россиялык медициналык мекемелери тарабынан аныкталган.
Оорукчандар жана кош бойлуу айымдар тарабынан берилген маалым каттар жана УЗИ корутундуларын текшеруунун жыйынтыгында ар кандай патология жана учууга каршы белгилерден улам 7 адам каттамга киргизилген жок.

Элчилик мекендештерибизди сабырдуулукка жана азыркы абалды тушунуу менен кабыл алууга чакырат. Тилекке каршы, Элчиликке Мекенине кайтаруу өтүнүчү менен 6 миңден ашуун арыз келип түштү. Бардык каалоочуларды дароо Кыргызстанга жөнөтүп жиберүүгө мүмкүн эмес. Бүгүнкү күнү мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча Элчилик тарабынан бардык аракеттер көрүлүүдө. Россиянын башка шаарларынан авиа каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, көп орундуу россиялык учак менен Кыргызстанга жарандарды жеткирүү үчүн Элчилик тарабынан тийиштүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Элчиликтин аракеттеринин натыйжасында, 2020-жылдын 13-июнунда Ош шаарына учуп бара турган 176-орундуу учак 296-орундуу учакка алмаштырылган.

2020-жылдын 20-мартынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Россиядан Кыргызстанга 47 авиа каттам жана Казакстандын аймагы аркылуу 20 автобус менен мекендештерибизди Кыргызстанга кайтаруу иш-чарасы жүргүзүлгөнүн маалымат катары билдиребиз. Жалпысынан 9 806 жарандар Кыргызстанга кайтты.

Билеттердин баасын аныктоо жана алардын сатуу авиакомпаниялар тарабынан жүргүзүлөөрүн Элчилик жарандарыбыздын көңүлүнө бурат. Элчилик тарабынан Россия Федерациясынын компетенттүү органдары жана авиакомпаниялары менен жакынкы күндөрү пландалып жаткан Москва-Бишкек жана Москва-Ош авиа каттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Элчиликтин алдындагы Штаб учурдагы кризиске байланыштуу жарандарыбызга жардам берүүнү: биринчи кезекте Мекенине жөнөтүү, тамак-аш менен жана убактылуу жашоочу жай (хостелдер) менен камсыздоо боюнча жардам берүү ишин күнү-түнү улантып жаткандыгын белгилеп кетебиз. Мекендештерибизди Кыргызстанга кайтуу тууралуу ар кандай ушактарга ишенбөөнү, мамлекеттик булактарда гана жарыяланган такталган маалыматтарды жетекчиликке алууну өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK