Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынан жөнөтүү тууралуу Пресс-релиз2020-жылдын 15 июну

4657

Россия Федерациясынан Кыргызстандын жарандарын кайтаруу маселеси боюнча келип түшкөн көптөгөн кайрылуулардын негизинде, Элчилик төмөндөгүнү маалымдайт.

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россия Федерациясынан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, РФнан авиа кыймылын жүргүзүүгө тыйюу салынгандан жана чек-аралар жабылгандан соң, 2020-жылдын 17-мартында түзүлгөн Элчиликтин алдындагы Штабы тарабынан, КРнын Короновирустук инфекциясы мамлекеттин аймагында мындан ары жайылтуусуна каршы республикалык Штаб менен тыгыз байланышта, кыргызстандыктарга Мекенине кайтууга көмөк көрсөтүү боюнча иш алып баруу башталган.

2020-жылдын 20-мартынан 14-июнуна чейин Россиядан Кыргызстанга 9 806 жаран кайтып келди.

47 авиа каттам жана Оренбург облусунан Казахстандын аймагы аркылуу 20 автобус менен мекендештерибизди КРна кайтаруу иш-чарасы уюштурулду (таблица тиркелет).

Россия аймагынын чоңдүгүна жана КРнын жарандарынын санынын көптүгүн эске алып, авиа каттамдар РФнын көптөгөн шаарларынан уюштурулду (Москвадан, Краснодардан, Новосибирсктен, Екатеринбургтан, Сургуттан, Санкт-Петербургтан жана Кургандан).

Ал эми, автобус менен кыргызстандыктар Соль-Илецктен (541 жаран, 10 автобустан турган колонна аркылуу), Бузулуктан (413 жаран, 9 автобустан турган колонна аркылуу) жана Кургандан (36 жаран, 1 автобус аркылуу) шаарларынан Мекенине алып келинди.

Ошондой эле, Элчилик тарабынан Россия аймагында гана турган кыргызстандыктарга эмес, Кыргызстанга РФнын аймагы аркылуу транзит менен бүт дүйнө жүзүнөн учуп келген жарандарга көмөк көрсөтүлдү. Тактап айтканда, Кытай, АКШ, Доминикана Республикасы, Европа (Португалия, Швейцария, Италия, Испания, Франция), Чыгыш-Азия, Түштүк-Чыгыш Азия (Тайланд, Вьетнам) жана башка өлкөлөрдөн келе жаткан КРнын жарандарына мекенге кайтууга жардам берилди.

Бүгүнкү күндө мекенге кайтуу абдан муктаж болгон мекендештерге гана уюштурулууда, алардын арасында: кош бойлуу кыз-келиндер, 2 жашка толо элек ымыркайлар энелери менен, улгайган жарандар, катуу ооруган мекендештерибиз (онкология оорулары, операциядан кийинкилер, ж.б.), жакын туугандарынын каза болгондугуна байланыштуу жолго чыккан жарандар, башка чет өлкөлөрдөн Россиянын аймагы аркылуу Мекенине учуп келе жаткан кыргызстандыктар, РФнын чет өлкөлү жарандарды убактылуу кармоочу борборлоруна жайгаштырылган жарандар, Россия аймагынан чыгып кетүү чечими чыгарылган мекендештерибиз, курсанттар жана жашаган жери жок жарандар.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 14-июнунан тартып Элчиликтин алдындагы Штабына жана Колл-борборуна келип түшкөн башка категориядагы жарандардын кайрылуулары дагы кезеги менен каралып башталды. Бүгүнкү күндө, Элчиликтин дарегине Мекенге кайтаруу өтүнүчү менен 7 миңден ашуун арыз келип түштү. Ошондуктан бардык каалоочуларды Кыргызстанга дароо жөнөтүп жиберүү толук мүмкүн эмес. Элчилик мекендештерди сабырдуу жана чыдамдуу болууга чакырат.

КРнын жарандарынын саны көп болгондугуна байланыштуу, Россиядан Кыргызстанга авиа каттамбардын санын көбөйтүүнун үстүнөн Элчилик тийиштүү иш-чаралары жүргүзүп жатат. Москвадан жума сайын 2 авиа каттам пландаштырылып жатат (Ошко ишемби күндөрү, Бишкеке жекшемби күндөрү). Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Россиянын региондорунан жана Якутия, Санкт-Петербург, Казаньдан авиа каттамдарды уюштуруу маселеси боюнча кошумча суйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, Элчилик тарабынан Кыргызстанга мекендештерди жеткирүүдө рейстерди көп орундуу россиялык учак менен камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Сүйлөшүлөрдүн натыйжасында, Бишкеке учуп бара турган 200 орундуу учак 400 орундуу учакка, ал эми Ошко учуп бара турган 176 орундуу учак 300 орундуу учакка алмаштырылды.

Мүмкүнчүлүк менен пайдалынып, Элчилик РФнын Өкмөтүно, РФнын Тышкы иштер министрлигине, Роспортебнадзорго, Росавиацияга, “Аэрофлот” авиакомпаниясына, Оренбург облусунун Губернаторуна жана башка россиялык органдарына көмөк көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Учурдагы кризиске байланыштуу Элчилик жарандарыбызга биринчи кезекте Мекенине жөнөтүү, тамак-аш жана убактылуу жашоочу жай (хостелдер) менен камсыз кылуу, ишке орноштуруу маселелери боюнча жардам берүү ишин улантууда.

Мекендештерди Кыргызстанга кайтуу тууралуу ар кандай ушактарга ишенбөөнү, расмий мамлекеттик булактарга гана жарыяланган маалыматтарды ишенүүнү өтүнөбүз.
Россия Федерациясынан Кыргызстандын жарандарын кайтаруу маселеси:
20 - март Москва - Бишкек 357 адам 2 авиа каттам
20 -март Москва - Ош 335 адам 2 авиа каттам
21 - март Москва - Бишкек, Краснодар – Бишкек, Новосибирск – Бишкек, Екатеринбург - Бишкек 857адам 7 авиа каттам
21 - март Москва – Ош 561 адам 3 авиа каттам
22 - март Москва – Бишкек, Сургут - Бишкек 492 адам 3 авиа каттам
22 -март Москва – Ош 684 адам 4 авиа каттам
23 - март Москва - Бишкек 294 адам 1 авиа каттам
23 - март Москва – Ош 171 адам 1 авиа каттам
24 - март Москва - Бишкек 176 адам 1 авиа каттам
24 - март Москва – Ош 378 адам 2 авиа каттам
25 - март Иркутск – Ош, Санкт-Петербург - Ош 256 адам 2 авиа каттам
29 - март Москва - Бишкек 402 адам 1 авиа каттам
6 – апрель Екатеринбург - Бишкек 17 адам 1 авиа каттам
22 – апрель Новосибирск - Бишкек 176 адам 1 авиа каттам
28 – апрель Екатеринбург - Бишкек 157 адам 1 авиа каттам
7 – май Соль-Илецк 541 адам – 10 автобус
14 – май Москва – Бишкек 147 адам 1 авиа каттам
15 – май Санкт-Петербург - Бишкек 156 адам 1 авиа каттам
16 – май Москва – Бишкек 161 адам 1 авиа каттам
17 – май Москва – Бишкек 378 адам 1 авиа каттам
20 – май Оренбург – Бишкек 164 адам 1 авиа каттам
22 – май Екатеринбург – Бишкек 22 адам 1 авиа каттам
23 – май Бузулук 431 адам 9 автобус.
25 – май Москва – Бишкек 69 адам 1 авиа каттам
25 – май Екатеринбург – Бишкек 147 адам 1 авиа каттам
26 – май Москва – Бишкек 393 адам 1 авиа каттам
30 – май Екатеринбург – Ош 233 адам 1 авиа каттам
31 – май Новосибирск - Бишкек 177 адам 1 авиа каттам
7 – июнь Москва – Бишкек 460 адам 1 авиа каттам
7 – июнь Новосибирск - Ош 204 адам 1 авиа каттам
7 – июнь Курган-Бишкек 36 адам – 1 автобус
13 – июнь Москва - Ош 355 адам 1 авиа каттам
14 – июнь Москва - Бишкек 437адам 1 авиа каттам
9 806 адам
47 авиа каттам
20 автобус

Маалымат катары: 2020-жылдын башынан коронавирус илдетин жайылып кетүүсүнө каршы РФ тарабынан көрүлгөн чаралардын катарына авиа кыймылын чектөө жана чет өлкөлүк жарандарга карата чек-араларды кезеги менен жабууну ишке ашырган. 2020-жылдын 27-мартынан тартып РФнын Өкмөтү Росавиацияга толугу менен регулярдуу жана чартердик авиа каттамдарды токтотуу боюнча тапшырма берген (РФнын жарандарын чет өлкөлөрдөн алынып келе турган авиа каттамдардан тышкары).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK