Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу тууралуу маалымат

3552

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонуу уюштуруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Сиздерге төмөнкүлөрдү билдиребиз:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган шайлоочулардын тизмесине Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде консулдук катоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандары кирет. Кыргыз Республикасынын алдыдагы парламенттик шайлоосуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык каттоодон өтүшү керек.

1.1 Мурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык маалыматтарын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине тапшыра алышат, даректери.

1.2 Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке жеке жана дистанттык түрдө катала алышат.

Эгер консулдук реестрге катталуу үчүн жеке түрдө кайрылса, сүрөтүн жана Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту менен каттоо карточкасын берүү зарыл.

Консулдук каттоого дистанттык түрдө кайрылса, Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган документтердин тизмесин сканерленген түрүндө (түстүү сүрөт электрондук түрдө берилет) Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин электрондук дарегине жөнөтө алышат: 4992385069@mail.ru.

Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган каттоо картасынанын электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин расмий веб-сайтынан жүктөө аркылуу толтурушат.

2.Консулдук каттоодон өткөн жана 2020-жылдын 8-июлуна чейин биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын алдын ала тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.

3.Кыргыз Республикасынын жарандары 2020-жылдын 15-июлунан тартып (добуш берүү күнүнө 80 календарлык күн калганда) шайлоочулардын жаңыланган алдын ала тизмеси менен www.tizme.gov.kg веб-сайтында, ошондой эле, 2020-жылдын 25-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде таанышууга болот.

4.Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын алдын ала тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, участоктук шайлоо комиссиясына №2-форма боюнча арыз берүү менен, жашаган жеринин шайлоо дареги боюнча добуш берүү жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү үлгүдөгү арыздарды 2020-жылдын 19-сентябрына чейин (добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен) берүүгө укуктуу.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK