Россия Федерациясы тарабынан көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардам тууралуу 2020-жылдын 20- июлундагы маалымат

3499

Коронавирустук инфекциянын тез жайылып кеткендиги үчүн Кыргызстандагы учурдагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаал татаалдагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков менен Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин ортосунда бир катар келишимдер жетишилип, натыйжада Россия тараптын колдоосу менен пандемиянын кесепеттерине каршы биргелешкен иш-чаралар башталды.

Келишимдердин натыйжасында, 2020-жылдын 21-июлунда Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин атайын учагы россиялык медициналык кызматкерлердин тобу, жабдуулар жана дары каражаттары менен Бишкекке учуп келүүсү пландалууда.

Пневмония жана COVID-19 менен ооругандарды дарылоодо тажрыйбасы бар россиялык дарыгерлер кыргыз кесиптештерине жардам берүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларда иштешет.

Мындан тышкары, коронавирустук инфекция менен күрөшүү үчүн жакынкы аралыкта кошумча Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагын 100гө жакын россиялык дарыгерлери жана атайын жабдуулары менен жиберүү пландаштырылууда. Бул топко ар кандай багыттагы дарыгерлер, анын ичинде анестезиолог - реаниматолог, терапевт, кардиолог, эпидемиолог, терапевт, жугуштуу оорулар боюнча адистер жана башкалар кирет.

Россия Федерациясы тарабынан бериле турган медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.

Белгилей кетчу жагдай, Россия Федерациясы буга чейин Кыргыз Республикасына коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө активдүү жардам берген, тактаганда, бул ПЦР тест-системалары (110 000 изилдөөгө), дары-дармектер жана медициналык жабдуулар, ошондой эле, жеке коргонуу шаймандары.

Кыргыз тарап Россия Федерациясына өз учурунда көрсөтүлүп жаткан жардам жана колдоо үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK