2020-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде кыргыз диаспораларынын уюмдарынын лидерлери жана активисттери менен жолугушуу болуп өттү

3346

2020-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде кыргыз диаспораларынын уюмдарынын лидерлери жана активисттери менен жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага 70тен ашык кыргыз диаспораларынын уюмдарынын өкүлдөрү, анын ичинде кыргыз уюмдарынын жетекчилери, 44 кыргыз аймактык ассоциацияларынын жетекчилери, Россиядагы кыргызстандыктардын жаш муундарынын өкүлдөрү жана активисттери катышты.

Кыргыз Республикасынын жарандарына кеңири маалымат берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун жетекчилигинин астында жолугушууга Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин алдындагы Коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча Башкы штабынын мүчөлөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Джекшенкулов Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында туш болгон негизги актуалдуу көйгөйлөрүнө токтолуп, мекендештерди бул маселелерди чечүүгө биримдикке чакырды.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков менен Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйнтыгы боюнча, жалпы Кыргызстан үчүн, ошондой эле Россия Федерациясындагы мекендештер үчүн бүгүнкү күндөгү маанилүү маселелерди чечүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын Элчи баса белгиледи. Тактап айтканда, Кыргызстандын ичиндеги коронавирус менен күрөшүү үчүн Россия тарабынан ири өлчөмдөгү гуманитардык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы жана Мекенине кайтып келүү үчүн чартердик рейстердин көбөйүшү тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө бош иш орундарды издөө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка орноштурууга көмөктөшүү, Кыргыз Республикасынын жарандарын Мекенине кайтарууну уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттердин фактылары, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо, Элчиликтин учурдагы консулдук жаатындагы ишмердүүлүгү, жарандарды Кыргызстанга кайтып келүү процесси, гуманитардык жардам көрсөтүү жана башка маселелер боюнча кеңири талкуу болуп өттү.

Пандемия учурунда Элчиликтин алдындагы Штабы жана Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына 6 миңге жакын бош жумуш орундарынын бар экендиги жөнүндө маалымат берилген. Алардын 3 500 керектелинди, ал эми, 3000ден ашыгы бүгүнкү күндө актуалдуу бойдон калууда. Элчиликтин жана Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле, социалдык тармактарда 3 миң бош жумуш орду жөнүндө кеңири маалымат жайгаштырылган. Элчиликтин алдында түзүлгөн Штабынын мүчөлөрү, Кыргызстандагы татаал эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Мекенине кайтып келүүгө шашылыш себептери жок жарандарды Кыргызстанга баруудан баш тартууга үндөштү. Ошол эле учурда, Элчиликтин жана Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн Россияда жумуш табууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгы тууралуу билдирилген.

Чартердик учууларды уюштурууда мыйзамсыз аракеттерге жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Элчиликтин астында түзүлгөн атайын комиссияны жетектеп жаткан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы акча каражатын талап кылуу 5 фактысы боюнча Россия Федерациясынын укук коргоо органдарына материалдарды өткөрүп берүү жөнүндө маалымдады. 2 фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо иш-чаралары жүрүп жатат. Коррупцияга каршы күрөшүү маселеси өзгөчө көзөмөлдө турат. Ушуга байланыштуу, атайын комиссиянын башчысы катышуучуларды жарандык жоопкерчиликти көрсөтүүгө жана эгерде акча каражат талап кылуу фактысы жөнүндө маалымат болсо, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн Элчиликтин алдындагы Штабына же Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө билдирүүлөрдү берүүгө чакырды.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында, Элчилик 11-миңден ашык консулдук аракеттерди жүргүзгөн. 101 "жүк-200" жөнөтүүдө көмөк көрсөтүлгөн. Оренбургга жакын жердеги россия-казакстан мамлекеттик чек арасынан 52 автобус менен 2 468 Кыргыз Республикасынын жарандарын Мекенине кайтаруу боюнча Элчилик тарабынан жүргүзүлгөн иш-чарасына катышуучулардын көңүлү бурулду. Бирок, Элчиликтин түшүндүрүү иштерине карабастан, Казакстан менен чек арасында кайрадан жарандар топтолууда. Буга байланыштуу, диаспора уюмдарынын жетекчилерине Казакстан менен чек арасынын жабылышы боюнча жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Жолугушуунун басымдуу бөлүгү кыргызстандыктардын Мекенине кайтып келүү маселесине арналды. Чек аралар жабылгандан бери, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, Элчиликтин алдындагы Штабы активдүү иштеп жатат. Ошентип, 2020-жылдын 20-мартынан тартып 24-июлуна чейин 78 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу 52 автобус менен 19 111 жаран Россиядан Кыргызстанга кайтып келишти. Өзгөчө көңүл социалдык жактан аярлуу жарандарга бурулуп жатат (кош бойлуу аялдарга; балдары бар энелерге; катуу ооруга чалдыккан адамдарга; улгайгандарга; студенттерге; жакын туугандарынын каза болгондугуна байланыштуу тез арада кайтып жаткандарга ж.б.). Кыргызстандыктарды Мекенине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга карабастан, кайрылгандардын саны азайган жок. Ушуга байланыштуу, Элчиликтин алдындагы Штаб тарабынан жума сайын учуучу рейстерди дагы эки рейске көбөйтүү боюнча иш жүргүзүп жаткандыгын маалымдады. Башкача айтканда, жума сайын Москвадан Бишкек жана Ош шаарларына 5 авиакаттам уюштуруу пландаштырылууда.
Катышуучуларга 7-миңден ашык кыргыз үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк топтомдорун тапшырылгандыгы жана пандемия учурунда турак жайы жок калган 600гө жакын жарандарды хостелдерге жайгаштырылгандыгы жөнүндө маалымат берилди.
Россия Федерациясына ыраазычылык сезими менен жолугушуунун катышуучулары Россия тарап көрсөткөн гуманитардык жардам жөнүндөгү Элчиликтин алдындагы Штабынын маалыматын кабыл алышты (157 миң изилдөө үчүн ПЦР-тесттери, 3 мобилдик лаборатория, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору, дары-дармектер ж.б.). Эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы келишимдердин натыйжасында, үстүбүздөгү жылдын 22 жана 23-июлунда Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борттору менен 6 медициналык топ (19 адам), медициналык жабдуулар, коронавирустук илдетин жуктуруп алган пациенттерди дарылоо тажрыйбасы бар 58 россиялык дарыгерлер Кыргызстанга жеткирилди. Жакынкы аралыкта Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борту менен Бишкекке болжол менен 150 миллион рубль өлчөмүндө дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жеткирилет.
Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Джекшенкулов бир катар диаспора уюмдарынын өзгөчө салымын жана жемиштүү ишин белгиледи. Мекендештерге жардам бергени үчүн активисттерге ыраазычылык билдирилди. 
Татаал мезгилде диаспора уюмдарынын ролу географиялык тегине карабастан, бардык мекендештерге жардам берүү болуп саналаарын Элчиликтин алдындагы Штабтын мүчөлөрү белгиледи. Диаспора мүмкүн болушунча биригишип, айрым уюмдардын ички кызыкчылыктарын жайылтууну токтотушу керек.
Талкуунун жүрүшүндө диаспора уюмдарынын лидерлери диаспоралардын кайрылууларынын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесине киргизүү үчүн квотаны көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылышты. Алар тизмеге киргизүү үчүн электрондук кезекти иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароо, каза болгон адамдардын сөөгүн коштогон жарандарды тизмеге кезексиз кошуу жана “Авиатраффик” авиакомпаниясынын борттору менен "жүк-200" Кыргызстанга жеткирүү маселелери боюнча кайрылышты. 
Жолугушуунун катышуучулары тарабынан бош иш орундарды табуу жана жарандарды жумушка орноштуру боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларга жогорку баа берилип, жана Кыргызстандагы татаал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, кайтып жаткандардын агымын азайтуу максатында жарандар менен маалыматтык ишти активдештирүү зарылдыгы колдоого алынды.
Диаспора өкүлдөрү жарандарга жардам көрсөтүү боюнча Элчиликтин иш-чараларына түздөн-түз катышкандыгын белгилешти (азык-түлүк топтомдорунун жеткирүү, бортторду жөнөтүү үчүн аэропортко баруу, Элчиликтин Call-борборунда ыктыярдуу түрдө көмөк көрсөтүү жана башка маселелери боюнча). Буга байланыштуу алар Элчилик менен мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Элчиликтин алдындагы Штабынын мүчөлөрү диаспора уюмдарынын өкүлдөрүнүн суроолору боюнча маалымат беришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK