Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынан жөнөтүү тууралуу 2020-жылдын 3- августундагы маалымат

3525

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын Мекенине алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, 2020-жылдын 1 июлдан тартып 31 июлуна чейин Россия Федерациясынан 35 чартердик авиакаттамдар жана 32 автобус менен 7 986 жургунчүлөр Кыргызстанга алынып келинди. Анын ичинде Россиянын 6 облусунан (Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Оренбург, Самара, Санкт-Петербург).

Жалпысынан, РФнан авиакаттамдар убактылуу токтотулгандан баштап, 2020-жылдын 20-мартынан тартып 3-августуна чейин Россиядан 22 440 мекендештерибиз кайтты. Россиядан 93 авиакаттамдар жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Ошол эле убакытта, Кыргызстанда эпидемиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, туруктуу авиакаттамдар жүргүзүлө электигин жана россия-казакстан чек арасы жабыктыгын Элчилик баса белгилейт. КРнын жарандарын чыдамдуу болууга жана россия-казакстан чек арасы тарабына барбоого Элчилик чакырат.

Бүгүнкү күнгө чейин Элчиликтин жана РФдагы КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле, социалдык тармактарда (Instagram – predstavitelstvo_migrasii_kr; FaceBook – Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү) 3 500 миңден ашык вакансиялар жөнүндө маалымат жайгаштырылган.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаал болгонун эске алып, Мекенине тез арада чыгууга себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга Элчилик чакырат.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүнө төмөнкү дарек боюнча жарандар кайрылса болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 12а; байлыныш телефондору: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12; электрондук дарек: predmigration@mail.ru.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK