Саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги ирет номурлары аныкталды

3096

2020-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги ирет номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.

Чүчүкулак саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык форматта өттү.

Саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каттоодон өткөн ирээтте чүчүкулак кармашты, тактап айтканда:

1. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”,

2. “Мекен Ынтымагы”,

3. “Ата Мекен” социалисттик партиясы,

4. “Мекенчил”,

5.  “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“,

6. “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы,

7. “Замандаш”,

8. “Чоң Казат”.

9. “Реформа”,

10. “Республика”,

11. “Бүтүн Кыргызстан”,

12. “Социал-Демократтар”,

13. “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы,

14. “Мекеним Кыргызстан”,

15. “Ордо”,

15. “Кыргызстан”.

Саясий партиялардын номурлары иреттик бюллетенде төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1. “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы,

2. “Мекенчил”,

3. “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы,

4. “Мекеним Кыргызстан”,

5. “Реформа”,

6. “Ата Мекен” социалисттик партиясы,

7. “Замандаш”,

8. “Бүтүн Кыргызстан”,

9. “Социал-Демократтар”,

10. “Мекен Ынтымагы”,

11. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”,

12. “Ордо”,

13.  “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“,

14. “Республика”,

15. “Кыргызстан”,

16. “Чоң Казат”.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, катталган саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги кезектешүүсүн аныктоо боюнча чүчүкулактын 2020-жылдын 9-сентябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинин текстин жана таризин бекитти.

КР БШК маалымат бөлүмү 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK