2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу Элчиликтин иш тартиби жөнүндө Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана РФдагы диаспоралардын өкүлдөрү!

2965

2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусун камсыз кылуу максатында, Элчилик күнүгө (дем алыш күндөрдү кошуп) саат 09:00дөн саат 21:00гө чейин иштей тургандыгын маалымдайт.

Добуш берүүгө катышуу үчүн Кыргызстандын жарандары 19-сентябрына чейин РФдагы Кыргызстандын Элчилигинин шайлоочулардын тизмесине кириши керек (УШК 9001 жана 9005).

Тизмеге кириш үчүн, төмөнкүлөрдүн бирин жасоо керек:

1. Эгерде жаран буга чейин Кыргызстандан же Элчиликтен биометрикалык маалыматтарын (манжа издерин) тапшырган болсо анда kgembassy.ru@mfa.gov.kg электрондук дарегине толтурулган консулдук каттоо формасын (шилтеме - анкета) жана жарактуу мөөнөтү көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын паспортунун көчүрмөсүн жөнөтүү жетиштүү болот.

2. Эгерде жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек болсо, анда жарактуу мөөнөтү көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын паспортунун көчүрмөсүн, толтурулган консулдук каттоо формасын (шилтеме - анкета) жана биометрикалык маалыматтарды (манжа издери) тапшырууга Элчиликке келиши керек.

3. Шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же боло турган, бирок консулдук каттоодо турбаган жарандар, чет өлкөлөдө жашаган жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирип (форма №2 боюнча) арыз берүүгө укуктуу. Форма №2 арыздар шайлоо участогунда - Элчиликте берилиши мүмкүн, ал эми шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаса, жаран алдыдагы шайлоодо добуш бере албайт.

Толук аты-жөнүңүздү tizme.gov.kg сайтынан текшере аласыз. Эгерде сиз tizme.gov.kg сайтындагы тизмеден өзүңүздү таппасаңыз, анда жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырган эмессиз. Бул учурда, (жогоруда баяндалган) №2 же №3 иш-чараларды жүргүзүү керек.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси 2020-жылдын 27-сентябрында жарыяланат.

Шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында, Кыргыз Республикасынын РФдагы Элчилигинде өтөт: Россия, Москва ш., Большая Ордынка көч. 62с1, жана Большая Ордынка көч. 64 с4.

Добуш берүүгө катышуу үчүн, Элчиликке келишиңиз керек. Дистатнттык түрдө добуш берүү мүмкүн эмес.

Кошумча суроолоруңуз болсо, Элчиликтин консулдук бөлүмүнө +7 (499) 238 33 04 номери аркылуу же kgembassy.ru@mfa.gov.kg. электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыз болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK