2020- ж. 17 сентябрдагы КРнын РФдагы Элчиликтин маалыматтык билдирүү

3034

Социалдык тармактарда Элчиликтин Консулдук бөлүмүндө эки оператор тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынан №2-форманы кабыл алууну, биометрикалык маалыматтарды тапшырууну жана консулдук каттоону ишке ашыргандыгы жөнүндө жалган маалымат тарагандыгына байланыштуу, Элчилик анын чындыкка дал келбестигин жана чоң саясий иш-чаранын алдында жасалма түрдөгү чыңалууну жаратуу максатында жарандарга туура эмес маалымат берилип жаткандыгын билдирет.

Белгилүү болгондой, КР БШКнын чечими менен Россиянын аймагында 11 шайлоо участкалары түзүлгөн. Ошол эле учурда, биринчи жолу Элчиликте эки шайлоо участкасы бир эле учурда ачылат (No9001 жана No 9005 УШК).

КР ЖКнин депутаттарын шайлоо боюнча иш-чараларды координациялоо үчүн Элчиликтин алдында Штаб түзүлгөн, анын курамына бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн, РФдагы КРнын Ички иштер министрлигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүктөрүнүн башчылары кирген.

Бүгүнкү күнү Элчиликтин бардык кызматкерлери Москва шаарында жана Москва облусунда жашаган мекендештерибиздин шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына шарт түзүп берүүгө кам көрүшүүдө. Ошол эле учурда, жарандардын көптүгүн жана Элчиликтин кызматкерлеринин саны чектелүү экендигин эске алуу менен, 2 юрист жана 10дон ашык ыктыярчылар дагы иш-чараларга тартылды. Мындан тышкары, Элчиликтин Консулдук бөлүмүндө шайлоо комиссияларынын 4 мүчөсү алдыдагы шайлоого карата кабыл алууну жүргүзүп жатат.

Азыркы учурда жарандарды кабыл алуу үчүн 8 "терезе" бар, башкача айтканда жарандарды тейлеген "терезелер" эки эсеге көбөйтүлдү. Бул терезелерде жарандардын жеке маалыматтарын камтыган атайын электрондук программалар орнотулгандыгын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Бул жеке маалыматтар жабык маалыматтардын категориясына кирет. Ушуга байланыштуу, Элчиликтин маалымат базаларына кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар атайын даярдалган кызматкерлери гана иштеп жатышат.

Диаспора уюмдарынын өтүнүчү боюнча, Элчинин чечими менен, шайлоо мезгилинде жарандарга жардам берүү максатында Элчилик жуманын жети күнү эртең мененки 9:00дөн кечки 21:00го чейин иштеп жатат (12 саат). Чындыгында, Элчиликтин кызматкерлери күн сайын түнкү саат 23.30га чейин жарандарды кабыл алып жатат.

Өз убагында көрүлгөн чаралар 2020-жылдын 3-сентябрынан 17-сентябрына чейин биометрикалык маалыматын тапшырган, консулдук каттоосун каттаган жана N2-формага ылайык Москва шаарында добуш берүү ниетин билдирген 3300 (үч миң үч жүз) жаранды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди. Ошентип, 2020-жылдын 16-сентябрына карата Москва шаарында 5 миңге жакын шайлоочу алдын-ала каттоодон өткөн.

Россиянын Ички иштер министрлиги менен биргеликте РФнын аймагында түзүлгөн бардык УШКларда шайлоо алдындагы жана шайлоо күнүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Элчиликтин шайлоочулар менен жүргүзүп жаткан иштери менен катар, бардык жарандардын укуктарын коргоо жана консулдук кызматтардын толук спектрин көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди эске алуу керек. Бул күнгө чейин Элчилик тарабынан 4000 жаңы паспорт берилди, 7000ден ашуун жарандын паспортунун жарактуулук мөөнөтү узартылды, 5000 Мекенине кайтып келүүгө күбөлүгү таризделди, ошондой эле, ЗАГС документтери боюнча жана нотариалдык/легалдаштыруу иш-чаралар жүргүзүлдү.

Москва шаарындагы эки УШКдагы шайлоочулардын санынын көбөйүшүн эске алуу менен, КР БШК менен биргеликте, шайлоо күнү шайлоочулардын өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу үчүн кошумча кызматкерлерди жана жабдууларды Москвага жөнөтүү маселеси каралууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK