2020-жылдын 17-сентябрындагы КРнын РФдагы Элчинин А.Джекшенкуловдун РФ БШКнын Төрагасы Э.Памфилова менен жолугушуусу жөнүндө пресс-релиз

2626

2020-жылдын 17-сентябрянда КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов РФнын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Э.Памфилова менен жогулушту.

Жолугушуунун негизги максаты кыргыз-орус кызматташтыгын тереңдетүү, ошондой эле 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосу талкуулоо болду. Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана добуш берүүгө катышуу маселеси өзгөчө талкууланды.

Элчи А.Джекшенкулов РФнын БШК Төрагасын 2020-жылдын 13-сентябрында РФнын Бирдиктүү добуш берүү күнүн ийгиликтүү өткөрүү менен куттуктады. Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана Россия Федерациясынын БШКнын байкоочуларын Кыргызстандагы парламенттик шайлоого жөнөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

КР БШК Россиянын 10 шаарында Кыргыз Республикасынын 11 шайлоо участкаларын түздү. Москва шаарында, Кыргыз Республикасынын жарандарынын эң көп санда экендигин эске алуу менен, биринчи жолу Элчиликтин алдындагы 2 шайлоо участкалары бир мезгилде ачылат. Ошондой эле, ушул жылы Сургут, Иркутск, Якутск жана Южно-Сахалинск шаарларында биринчи жолу шайлоо участкалары ачылды.

А.Джекшенкулов учурдагы шайлоо алдындагы даярдык Россиянын аймагындагы Кыргыз Республикасынын шайлоо участкаларында добуш берүү ниетин билдирип кайрылган жарандардын өзгөчө активдүүлүгү менен айырмаланарын айтты. Бүгүнкү күндө Москва шаарында шайлоочулардын тизмесинде 6000ден ашуун КРнын жарандары бар.

Россиянын БШКсынын Төрагасы Э.Памфилова Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелердин жогорку деңгээлин, ошондой эле эки өлкөнүн шайлоо органдарынын жигердүү өз ара аракеттенүүсүн баса белгиледи.

Парламенттик шайлоого орусиялык байкоочулардын катышуусуна кызыгуу билдирди.

Э.Памфилова Россия тарап Кыргызстанда шайлоо өткөрүү үчүн шарттарды түзүү үчүн зарыл болгон техникалык жардамды берүүгө даяр деп ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK