2020-жылдын 22-сентябры, Кыргыз жарандарын Россия менен Казакстандын чек арасына автобустар менен ташууну уюштурган айрым адамдардын алдамчылык аракеттери жөнүндө маалыматы

3068

Азыркы учурда орус-казак чек арасы жабык экенин маалымдайбыз. 

Бирок, мигранттардын эсебинен акча менен жеке байуу максатында, такси жана автобус айдоочулары Казакстан менен чек аранын ачылышы жөнүндө жалган маалымат таратып атышат.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, шылуундар өздөрүн Элчиликтин кызматкерлерибиз деп тааныштырып, Россиянын чек ара аймактарына массалык сапарларды уюштурушууда. Ошентип, ушул күнгө чейин Элчиликке Башкортостан Республикасында жүргөн 22 Кыргыз Республикасынын жарандарынан жазуу жүзүндө арыздар келип түшкөн, анда белгисиз Жээнкулов Кубанычбек аттуу жаран өзүн Элчиликтин кызматкери катары тааныштырып, Казакстандын чек арасынын ачылышы жөнүндө маалымдап, 7 миң рубльга жардам берем деп убада берген.
Буга байланыштуу Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет:
- "жашыл коридорду" берүү, башкача айтканда, чек ара аркылуу өтүү үчүн убактылуу ачуу жөнүндө чечим, Россия жана Казакстандын өкмөттөрү тарабынан гана кабыл алынат. Учурда, 3500дөн ашуун кыргыз жарандары чек ара аймагында турушат, Казакстан тараптан транзиттик уруксат берилүүсүн күтүп жатышат. Туура эмес маалыматтардан жана жеке адамдардын алдамчылык аракеттеринен улам, Кыргыз Республикасынын жарандары турмуштук оор кырдаалга туш болушту. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Казакстан Республикасы менен кезектеги "жашыл коридорду" камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Россия тарап, акысыз негизде Башкортостан Республикасынын аймагында жана Оренбург облусунун аймагында биздин жарандарды жатаканаларда, балдар лагерлеринин аймактарында жайгаштырып, чатыр лагерин түзүп беришти. Айрым жарандар мейманканаларга жана жатаканаларга өз алдынча жайгашышты. Көпчүлүк жарандар бекер тамак-аш менен камсыз кылынды;
- өзүн Жээнкулов Кубынычбек деп тааныштырган жаран Элчиликтин кызматкери эмес экендигин маалымдайбыз. Бул адам тарабынан жасалган кылмыш иш-аракеттерин токтотуу максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Россиянын Ички иштер министрлиги менен биргеликте аны жоопко тартуу максатында аны издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат;

- мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенген адамдар Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде толук көлөмүндө жооп беришет.

Элчилик бардык жарандарды, жарандык жоопкерчиликти көрсөтүүгө жана фактыларды билдирүүгө, кылмыш иштерин токтотууга жана күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопко тартуу үчүн жардам берүүгө чакырат.

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны коррупция жана алдамчылык иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Джекшенкуловдун жеке блогуна - elchi.ru дарегине жөнөтүшсө болот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн почтасы - predstavitelstvomvd@mail.ru же ишеним телефон номуруна: +7 (926) 890 87 00 маалымдаса болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Тилекке каршы, учурда коронавируска чалдыккандардын саны кайрадан көбөйүүдө. Россия Федерациясынын аймагында кескин суук түшкөнүнө байланыштуу Элчилик жарандардан ден-соолугуна кам көрүүнү суранат жана Россия Федерациясындагы мекендештерди орус-казак чек арасынан чыкпоого чакырат.

Шашылыш түрдө үйгө кайтуу керек болгон учурда, авиакаттамдары аркылуу учуу жолун колдонууну сунуштайбыз. Ошол эле учурда, Элчилик авиакаттамдардын санын көбөйтүү жана авиабилеттин баасын арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Элчилик кайрадан Кыргызстандын жарандарына кайрылат, адамдарды адаштырган жана акча чогултуу максатында кылмыштуу аракеттерди жасаган, ошондой эле эл арасында болуп жаткан белгисиз имиштерге жана такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана алдамчы кылмышкерлердин аракеттерине байланыштуу сак болууга чакырат.

Жарыяланган, текшерилген расмий маалыматтарды Өкмөттүн расмий булактарында, Элчиликтин сайтында жана Элчинин блогунан таанышсаңыздар болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK