Элчи Т.Макеевдин Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Башкы директору Р.М.Гроссиге Ишеним катты (аккредиттөө нотасын) тапшыруусу тууралуу

2869

Ушул жылдын 18-августунда Венада Кыргыз Республикасынын Австриядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Толенды Макеев Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Башкы директору Рафаэль Мариано Гроссиге (Rafael Mariano Grossi) өзүнүн Кыргыз Республикасынын МАГАТЭдеги Туруктуу Өкүлү катары дайындалышы тууралуу Ишеним грамотасын (аккредиттөө нотасын) тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын Туруктуу өкүлү КРдагы уран калдыктарын (Мин-Куш, Майлуу-Суу, Шекафтар) реабилитациялоо боюнча Стратегиялык мастер-планды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, МАГАТЭнин линиясы боюнча окутуучу семинарларга, эл аралык конференцияларга катышып жаткан КРнын мамлекеттик эксперттеринин дараметин бекемдөөдө Агенттик тарабынан көрсөтүлүп жаткан жигердүү колдоо үчүн Башкы директорго ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Р.М.Гросси КРнын МАГАТЭ үчүн маанилүү өнөктөш экендигин белгиледи. Уран калдыктарына байланышкан маселенин олуттуулугуна көңүл буруп, бул багытта Агенттик практикалык жардамды мындан ары дагы улантарын баса белгиледи.

Туруктуу өкүл Т.Макеев КР менен МАГАТЭнин ортосундагы жемиштүү кызматташтык үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жеке салымын кошууга даярдыгын билдирди.

Маалымат үчүнӨзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) 1957-жылы түзүлгөн. Агенттик өзөктүк чөйрөдөгү илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык алдыңкы дүйнөлүк уюм болуп саналат. Анын ишмердүүлүгү өзөктүк илим менен технологияларды тынчтык максаттарда коопсуз пайдаланууга багытталган жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукту сактоого жана БУУнун Туруктуу Өнүгүү Максаттарына жетүүгө салым кошот.

МАГАТЭнин Башкы конференциясынын 47-сессиясында Кыргызстан Уюмдун 137-мүчөсү болуп калган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK