Дипломатиялык миссиянын башчысы

Макеев Толенды Картанбаевич

Туулган күнү жана жери: 26.04.1958, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы

Билими: Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультети (1980–ж.). Адистиги: Филолог. Котормочу. Мугалим

Эмгек жолу:

1980-1986       Кыргыз мамлекеттик университетинин немис тил кафедрасынын мугалими

1986-1990       Авиация персоналын даярдоо жана өркүндөтүү боюнча Борбордук окуу жайынын котормочусу

1990-1991      СССРдин БУУга көмөк көрсөтүү Ассоциациясынын Кыргызстандагы филиалынын башкаруу                                органынын жооптуу катчысы

1991-1992       КР ТИМдин экономикалык жана маданий кызматташтык бөлүмүнүн Экинчи, Биринчи катчысы

1993–1994      КР ТИМдин Европа жана Америка бөлүмүнүн  Европа секторунун жетекчиси, эксперти

1995–1996      КРдин Германия Федеративдүү Республикасынындагы Кичи Элчиси

1996-1997       КРдин Германия Федеративдүү Республикасыннын Бонн шаарындагы элчилигинин кеңешчиси

1997–1998      КРдин Германия Федеративдүү Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы                                            Консулдук агенттигинин жетекчиси

1998–2001     КР ТИМдин Биринчи саясий департаментинин директору, Батыш өлкөлөр боюнча                                                   башкармалыгынын жетекчиси

2001–2004     КРдин Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин шаарындагы элчилигинин                                                кеңешчи-өкүлү

2004–2005     КР ТИМдин тышкы саясатты пландаштыруу, көп тараптуу экономикалык кызматташтык                                       башкармалыгынын жетекчиси

2005-2010      КРдин Шанхай кызматташтык уюму боюнча КРдин тышкы иштер министринин                                                     орун басары рангындагы Улуттук координатору

2010–2012     КРдин Германия Федеративдүү Республикасындагы, Ватикандагы, Дания, Норвегия,                                               Швеция Падышачылыктарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

2012–2013    VD Consult GmbH  немис консалтинг фирмасынын КШМ жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча                         кеңешчиси

2014–2019     «К.О. Стандарт Агросервис» ЖЧКсынын башкы менеджери

2019–2021     КР ТИМдин Экинчи саясий департаментинин директору

2021-ж. 17-июнунан баштап - КРнын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы КРнын туруктуу өкүлү

Дипломатиялык рангы:  Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу  Элчиси (2011-ж.)

Чет тилдери: орус, немис, англис тилдери

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 2 баласы бар