КРнын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү ЕККУга мүчө мамлекеттердин делегацияларына КРдагы конституциялык реформа тууралуу маалымат берди

3173

2021-жылдын 25-мартында Венада ЕККУнун Туруктуу кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү, элчи Бакыт Джусупов Кыргызстандагы конституциялык реформа боюнча сөз сүйлөдү.

Б.Джусупов ЕККУга мүчө мамлекеттердин делегацияларынын алдында сүйлөп жатып, ушул жылдын 10-январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдумдун жыйынтыктары, анын жүрүшүндө добуш берген жарандардын 84% президенттик башкаруу формасына өтүү ниетин билдиргендиги тууралуу дагы бир ирет маалымат берди.

Эркин жана таза өткөн, ошондой эле эл аралык коомчулук, анын ичинде, ЕККУ ДИАУБ (Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюро) тарабынан кеңири таанылган шайлоолордо шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров шайлоочулардын 79% добушу менен тастыкталган өзүнүн күчтүү мандатына таянуу менен, элдин демократиялык эркине толук ылайык келген саясий курсту жүргүзүүдө. 

Конституциялык реформа маселелери акыркы жылдары саясий талкуулардын күн тартибинде жана чордонунда болуп келгендигин Туруктуу өкүл баса белгиледи. Биз сыймыктанган активдүү жарандык коом жана эркин басма сөз ар дайым бул процесстин маанилүү бөлүгү болуп келген. 2020-жылдын ноябрь айынан баштап Конституциянын долбоору ачык, жалпы улуттук деңгээлде жана кеңири талкууланып, жарандык коомдун катышуусу менен өттү.

Кыргызстандын эли демократиялык курулуш жана өз мамлекетин чыңдоо жолунда бара жаткандыгы белгиленди. Кыргыз Республикасы демократиянын идеяларын, ЕККУнун негизги документтеринде белгиленген бардык негизги принциптерди жана идеалдарды жактап келген жана жактай бермекчи.

Жыйындын жүрүшүндө Туруктуу өкүл Б.Джусупов ошондой эле өнөктөштөрдүн Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформалар боюнча билдирүүлөрүн кубаттады. Жакында жарыяланган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору боюнча ЕККУ/ДИАУБ жана Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын Биргелешкен пикири Кыргызстанда көңүл буруу менен кабыл алынгандыгы жана изилденип жаткандыгы элчи тарабынан белгиленди. ЕККУ менен конструктивдүү кызматташтыкты улантууга ишеним билдирилди. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK