Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Чехиянын Тышкы иштер министри Ян Липавский менен жолугушту

1282

2022-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Чехия Республикасынын Тышкы иштер министри Ян Липавский менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жигерлентүү зарылдыгын белгилешти. Жакында Чехия Республикасынын Парламентинин Депутаттар палатасынын Төрагасынын орун басары Ян Бартошектин Кыргыз Республикасына болгон иш сапарын жана өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасы менен Чехиянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ушуга байланыштуу министр Ж.Кулубаев чех тараптын кароосуна маданият, спорт, туризм, билим берүү жана илим, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу боюнча макулдашуулардын долбоорлорун сунуштады.

Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле учурда Чехия төрагалык кылып жаткан Кыргызстан менен Евробиримдиктин диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүү боюнча биргелешкен пландарды талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев маектешине кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракет. Ошону менен бирге, КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы Кыргызстандын өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды сүйлөшүү аркылуу тынчтык жолу менен чечүү боюнча өзгөрүлгүс позициясын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK