Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

3078

Бүгүн, 29-сентябрда, Будапешт шаарындагы «Кармелита» сарайында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Ардак кароол тизилип, Кыргызстан менен Венгриянын гимндери жаңырды. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Ардак кароолду жана Улуттук атчандар отрядын көрүп чыгып, делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Аскердик оркестрдин салтанаттуу маршынын жаңыруусу менен аскердик сый-урмат аяктап, андан соң «Кармелита» сарайынын фойесинде кол алышуу жана сүрөткө түшүү аземи болду.

Андан кийин тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө киришти.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-сентябрда, Премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга жооп катары жасалган сапары менен барган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK