2022-жылдын 24-ноябрында Бавариянын Федералдык аймагынын Вайденбах шаарчасында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университетинин Вице-президенти профессор Ральф Шлаудерер менен жолугушту.

837

2022-жылдын 24-ноябрында Бавариянын Федералдык аймагынын Вайденбах шаарчасында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университетинин Вице-президенти профессор Ральф Шлаудерер менен жолугушту. Бул германиялык окуу жайы дуалдык билим берүү системасында айыл чарба тармагында кадрларды даярдоого адистешкен жана Германиядагы айыл чарба тармагындагы алдыңкы окуу жайлардын бири болуп саналат.

Элчи Ө.Ч.Текебаев профессор Р.Шлаудерерге Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университети менен К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосундагы ийгиликтүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи «Агрардык менеджмент» магистратуралык программанын алкагында кыргызстандык студенттердин Германияда алган тажрыйбасы жана билими Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн агрардык тармагына германиялык алдыңкы технологияларды алып келʏʏгɵ өбөлгө болору шексиз деп баса белгиледи.

Жолугушууда профессор Р.Шлаудерер Германиянын студенттери гана эмес, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрү да билим алып жаткан Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университетинин ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Германиянын бул университетинде магистратуранын алкагында билим алууда практикалык иштерге өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Бул университетте магистратуранын башталышында студенттерге университет тыгыз кызматташкан жергиликтүү айыл чарбаларынын биринде бир семестр практикадан өтүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Элчи Ө.Ч.Текебаев магистранттар, анын ичинде Кыргызстандан келгендер практика өтүп жʏргɵн мына ушундай чарбалардын бирине - жеке менчик тоок багуу фабрикасына барып, анын иши менен таанышты.

Профессор Р.Шлаудерер менен жолугушууда келечекте кызматташуу, анын ичинде К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында студенттер дуалдык билим берүү системасында өндүрүштүк практикадан өтүшү мүмкүн болгон мал чарба окуу жайын түзүү маселелери да талкууланды. Элчи Ө.Ч.Текебаев белгилегендей, мындай мал чарба мектебин түзүү кыргыз-герман кызматташтыгынын алкагында дагы бир маанилүү биргелешкен билим берүү долбоору болмокчу.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университетинде «Агрардык менеджмент» магистратурасынын алкагында билим алып жаткан кыргызстандык магистранттар менен жолугушуу өткөрдү. Магистранттар окуунун жүрүшү тууралуу айтып, Германиянын бул университети менен мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ой бөлүшүштү.

Ошол эле күнү кечинде Элчи Ө.Ч.Текебаев Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университетинде өткөн маданий иш-чарага катышты. Кеченин жʏрʏшʏндɵ көптөгөн өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттер өз элдеринин маданиятын жана өз өлкөлөрүнүн туристтик мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн тартуулашты. Элчи Ө.Ч.Текебаев жана Бавариянын Вайденбах шаарчасынын Бургомистри Вилли Альбрехт кеченин катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Маалымат үчүн: Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университети 20 жылдан бери К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) менен айыл чарба тармагында кадрларды даярдоо маселелери боюнча ийгиликтүү кызматташып келет.

2007-жылы КУАУда «Агрардык менеджмент» эл аралык магистратуралык программасы ачылган жана 2019-жылы MBA (ACQUIN) эл аралык аккредитациясын алышкан. Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университетинде кызматташуу жылдарында КУАУнун 90 студенти магистратурага чейинки практикадан өтүштү, анын ичинен 50 магистрант Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университетинде «Агрардык менеджмент» боюнча магистратурада окуп, магистр даражасын алышты.

Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университети жөнүндө маалыматты төмөнкү даректен тапса болот: https://www.hswt.de/en.html

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK