Элчи Өмүрбек Текебаев 2022-жылдын 13-октябрында Германиянын биоэтанол чыгарган ассоциациясынын аткаруучу директору Штефан Вальтер мырза менен жолукту.

938

Кыргыз Республикасы жылына 500 миң тоннага жакын бензинди сырттан алып келет жана ага төлөнгөн кыргызстандыктардын акча каражаты толугу менен чет мамлекетке кетет. Мамлкеттин саясаттын негизги багыттарынын бири – импортко көз карандуулукту азайтуу болуп келет.

Германиянын күйүүчү майдан чыккан абаны булгаган зыяндуу заттарды азайтуу жана ошону менен бирге фермерлерди колдоо тажрыйбасын изилдөө максатында, Элчи Өмүрбек Текебаев 2022-жылдын 13-октябрында Германиянын биоэтанол чыгарган ассоциациясынын аткаруучу директору Штефан Вальтер мырза менен жолукту.

Жолугушуу убагында Штефан Вальтер мырза Германияда биоэтанолду кант кызылчасынан, буудайдан жана самандан чыгаруу тууралуу маалымдап, биоэтанолду бензинге 10% чейин кошуу тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Биоэтанолду бензинге кошуп колдонууда абаны булгаган уулуу заттардын көлөмү азаят.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 2020-жылы биоэтанол тууралуу Мыйзам кабыл алынганын маалымдап, Кыргызстанда биоэтанол чыгаруу боюнча заводду куруу кызыкчылыгын айтты.

Кыргызстанда биоэтанолду айыл чарба продукциясынан, анын ичинде картөшкөдөн чыгарууга мүмкүнчүлүк бар жана колдонулган бензинге 10% чейин кошууга болот. Ал убакта Кыргызстан бензинди чет мамлекеттен 10% азыраак сатып алат жана ал 10% ордуна Кыргызстандын дыйкандары өндүргөн продукциядан биоэтанол кошулат.

Жыйынтыгында кыргыз багбандары, өзгөчө тоолуу өрөөндөрдө картөшкө айдап иш менен камсыз болот. Алар өндүргөн продукция толугу менен жана кепилденген шартта сатылат. Андан тышкары биоэтанолду кошууда бензинди колдонуудан абага чыккан уулуу заттардын көлөмү азайып, шаар жергесинде абаны тазалоого гарт түзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK