2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Ильменау техникалык университетинин вице-президенти, профессор Штефан Зинзингер менен жолугушту.

756

2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Ильменау техникалык университетинин вице-президенти, профессор Штефан Зинзингер менен жолугушту.

Жолугушууда Ильменау техникалык университети менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Ч.Текебаев Кыргызстан менен Германиянын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын, И.Раззаков Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу Кыргыз-герман техникалык институту жана Кыргыз-Герман прикладдык информатика институту менен кызматташуу ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгиледи. Эки институт тең техникалык жана маалымат технологиялары боюнча Кыргызстан үчүн керектʏʏ адистерди даярдайт. Элчи Ильменау техникалык университети менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн жакшы келечеги бар экенин баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө кош дипломду таануу маселеси да талкууланды.

Проректор Ш.Зинцингер Ильменау техникалык университети менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын, анын ичинде И.Раззаков Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу Кыргыз-герман техникалык институту менен Ильменау техникалык университетинин Электротехника жана маалыматтык технологиялар факультетинин ортосунда 2022-жылдын 20-октябрында кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында кызматташуунун мындан аркы мʏмкунчʏлʏктɵрʏ тууралуу белгиледи. Бул Меморандумдун алкагында студенттер менен алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара сапарларды уюштуруу ж.б. иш чараларлар жасалмакчы.

Элчи Ө.Ч.Текебаев университетте болгон учурда жогорку вольттогу электр өткөргүч лабораториясы менен таанышты. Анда студенттер жана окутуучулар практикалык сабактарды жана илимий изилдөөлөрдү өткөрүшөт.

Маалымат үчүн: Ильменау техникалык университети Германиядагы алдыңкы окуу жайлардын бири. Университетте тɵмɵнкʏ 5 факультетте 4889 студент билим алат: Электротехника жана маалымат технологиялары факультети; Информатика жана автоматика факультети; Машина куруу факультети; Математика жана табигый илимдер факультети; Экономика факультети.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK