2023-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев «Батыш-Чыгыш жолугушуулары» фондунун башкармалыгынын төрагасы Елена Хоффман жана аталган Фонддун аткаруучу директору Анна Кайзер менен жолугушту.

456

Жолугушуунун жүрүшүндө маданияттар аралык билим берʏʏнʏ колдоого, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы байланышты жана компетенттүүлүктү тереңдетүүгө, жарандык коомдун умтулуусун бекемдөөгө багытталган «Батыш-Чыгыш жолугушуулары» фондунун ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар мектептер менен немис тили мугалимдеринин өз ара аракеттенүүсү, немис тилин окутуу, ошондой эле миграция маселелери жана эки өлкөнүн жарандык коомдорунун өз ара аракеттенүүсү жаатында биргелешкен жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK