2023-жылдын 2-мартында Элчи Өмүрбек Текебаев Харзевинкель шаарындагы “Claas” компаниясына барып, компаниянын аймактык директору Доктор Нилс Ройч менен жолукту.

231

2023-жылдын 2-мартында Элчи Өмүрбек Текебаев Харзевинкель шаарындагы “Claas” компаниясына барып, компаниянын аймактык директору Доктор Нилс Ройч менен жолукту.

Жолугушуунун максаты Кыргызстандын айыл чарба ишканалары үчүн колдонулган, баасы жаңы техникаларга караганда дээрлик 50%га арзан болгон «Claas» үлгүсүндөгү тракторлорду жана айыл чарба техникаларын лизинг шарттары менен жеткирүү боюнча кызматташууну түзүү болду. Дыйкандар жогорку сапаттагы техниканы салыштырмалуу арзан баада алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Учурда «Claas» расмий импортер аркылуу Кыргызстанга жаңы жабдууларды алып келүүдө.

«Claas» компаниясынын өкүлү дыйканды сапаттуу жана ишенимдүү айыл чарба техникалары менен камсыздоо –компаниянын негизги милдети экенин белгиледи. Жаңы техникалар менен катар капиталдык оңдоодон өтүп жаткан жана ишкананын кепилдиги менен берилген, колдонулган айыл чарба техникаларын жеткирүүнү да уюштурууга болот.

Маселени ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын жооптуу ведомстволору менен компаниянын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: «Claas» компаниясы 1913-жылы негизделген, башкы кеңсеси Харзевинкель шаарында жайгашкан айыл чарба техникасын чыгаруучу ишкана. «Claas» комбайндардан тышкары тракторлорду, чөп чапкычтарды, сеялкаларды, таңгактоочу техникаларды жана жүктөгүчтөрдү чыгарат. Компанияда дүйнө жүзү боюнча 12 000 адам иштейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK