Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинде жаратылышты коргоо бирлигинин "Ак илбирс экспедициясы" көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болду

229

2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин имаратында Германиянын жаратылышты коргоо бирлигинин (НАБУ) “Ак илбирс экспедициясы” көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болду. Ага НАБУнун жетекчилиги, депутаттар жана Бундестагдын өкүлдөрү, Германиянын Тышкы иштер министрлигинен, ошондой эле Германиянын бир катар министрликтеринин, ведомстволорунун жана уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө КРнын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев НАБУ ушул жылдар бою Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп келе жатканын, бул биздин ата-бабаларыбыздын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласында чагылдырылган жаратылыш менен гармонияда жашоо жөнүндөгү осуяттарын толук чагылдырганын баса белгиледи. Ал кыргыз элинин символдорунун бири болгон ак илбирстин популяциясын сактоодо жана коргоодо НАБУнун өзгөчө ролуна токтолду.

НАБУнун Эл аралык кызматташтык боюнча директору Томас Теннхард Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы ак илбирстер жашаган негизги аймактардын бири, жапайы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрлөрүн жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча көп жылдык ийгиликтүү кызматташуунун алкагында НАБУ уюмунун ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи. Ал ошондой эле НАБУнун Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландары, анын ичинде Ош шаарында жакынкы аралыкта браконьерликке каршы «БАРС-2» экинчи атайын тобун түзүү пландары бар экенин билдирди.

НАБУнун колдоосу менен ушул жылы Кыргызстанда Туруктуу өнүгүү боюнча билим берүү жылын өткөрүү пландаштырылууда. Бул 2022-жылы “Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын” деп жарыяланган логикалык уландысы боломокчу.

Коомчулуктун көңүлүн эң сейрек кездешүүчү жаныбар түрүнүн жашоо чөйрөсүнө жана жашоо шарттарына бурган НАБУнун бул “Ак илбирс экспедициясы” көргөзмөсү Элчиликтин имаратында эки айга созулат. Бул аралыкта ага бардык кызыгуучу топтор жана Берлиндеги окуу жайларынын студенттери да келип, көрө алышат.

Бул көргөзмө немис коомчулугунун көңүлүн Кыргызстандын туристтик потенциалына дагы буруп, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн көтөрүүгө салым кошот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK