Германияда жашап жаткан кыргыз диаспорасынын ɵкʏлдɵрʏ 2023-жылдын 5-мартында Ак калпак кʏнʏн майрамдашты.

272

Германияда жашап жаткан кыргыз диаспорасынын ɵкʏлдɵрʏ 2023-жылдын 5-мартында Ак калпак кʏнʏн майрамдашты. Бул майрамга Германиянын борбору Берлин шаарында жана ага жакын жайгашкан Бранденбург федералдык аймагындагы кыргызстандык жаштар келип катышты.

Германиянын борбору болгон Берлин шаарынын кɵчɵлɵрʏндɵ жʏргɵн Ак калпакчан мекендештер жергиликтʏʏ немис калкынын кызыгуусун жаратты. Аларга ак калпактын кыргыз элинин тарыхындагы жана маданиятындагы мааниси жана ээлеген орду тууралуу маалымат берилди.

Майрамда ак калпак жɵнʏндɵ ырлар айтылып, кыргыз бийи тартууланды. Майрамга келген жаштар бири-бири менен баарлашып, кɵңʏлдʏʏ маанайда болушту.

Ак калпак кʏнʏн Германиянын Гамбург, Мюнхен ж.б. шаарларындагы кыргыз диаспора ɵкʏлдɵрʏ да белгилешти.

Мындай иш-чаралар Германияда кыргыз маданияты, каада-салты тууралуу кеңири маалымат жайылтууга жана кыргыз диаспорасынын ɵкʏлдɵрʏнʏн бири-бири менен болгон байланышын бекемдɵɵгɵ ɵбɵлгɵ тʏзɵт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK