2023-жылдын 11-апрелинде Элчи Өмүрбек Текебаев Германияга иш сапары менен келген Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугушту.

60

2023-жылдын 11-апрелинде Элчи Өмүрбек Текебаев Германияга иш сапары менен келген Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугушту.

Жолугушууда германиялык компаниялар менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарына инвестиция тартуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар Германияда Кыргыз Республикасынын СӨП өкүлчүлүгүн ачуу маселесин талкуулашты.

Андан соң Элчиликтин көмөгү менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин аймактык директору Эдуард Кинсбрунер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын бизнес-коомчулугунун ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Анын ичинде кыргыз-герман бизнес форумун кыска мөөнөттө уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Тараптар кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгын кайра жаралуучу энергия булактары, туризм, айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы багыттары боюнча өнүктүрүү зарылчылыгын колдошту.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ушул эле жылдын жылдын апрель айынын аягында немис компанияларынын делегациясынын башында Кыргызстанга келе турган “Commit GmbH” компаниясынын башкы директору Геррит Шмиттер менен да жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK