2023-жылдын 12-апрелинде Гамбург шаарынын Соода палатасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча комитетинин отуруму болуп өттү. Ага Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ардактуу конок катары катышты.

60

Өзүнүн сөзүндө Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргыз Республикасынын инвестиция жана кыргыз продукциясын экспорттоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Энергетика, тоо-кен өндүрүшү, туризм, логистика жана кыргыз продукциясын экспорттоо кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары белгиленди.

Элчи Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Кыргызстандын кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгынын кеңейишине оң таасирин тийгизе турган артыкчылыктарына кеңири токтолду.

Герман бизнесинин өкүлдөрү логистика, минералдык ресурстар, кайра жаралуучу энергия булактары жана органикалык азык-түлүктөрдү Кыргызстандан жеткирүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Ошондой эле, быйыл кыргыз-гамбург бизнес форумун өткөрүү боюнча макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK