2023-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Бавария Федералдык аймагынын Кам округунун администрация башчысы Франц Лёффлер жана Бавариядагы Швандорф районунун иш менен камсыз кылуу агенттигинин башчысы Зигфрид Боймлер менен жолугушту

107

2023-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Бавария Федералдык аймагынын Кам округунун администрация башчысы Франц Лёффлер жана Бавариядагы Швандорф районунун иш менен камсыз кылуу агенттигинин башчысы Зигфрид Боймлер менен жолугушту.

Жолугушуу Кам райондук администрациясы тарабынан Кыргызстандан Германияга үч жылдык кесиптик билим алуу ʏчʏн студенттердин келишине карата уюштурулган салтанаттуу иш-чаранын алкагында өттʏ. 2023-жылдын сентябрынан тартып, Кыргызстандан келген 21 орто мектеп бүтүрүүчүлөрү Германиянын ишканаларында ар кандай багыттар боюнча, атай кетсек, маалымат технологиялары, гастрономия, мейманкана бизнеси, социалдык чөйрө ж.б. багыттарда окуп жана иштеп жатышат.

Элчи Ө.Текебаев өз сөзүндө бул долбоор Германия тарап менен Бишкек шаарында 2022-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда ишке орноштуруу жаатында кызматташуу боюнча Меморандумдун алкагындагы тыгыз кызматташуунун аркасында мүмкүн болгонун белгиледи. Ошону менен бирге Элчи Кыргызстанда жана Германияда ишке орноштуруу максатында Кыргызстанда квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелери боюнча эки өлкөнүн ортосунда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Бавария Федералдык аймагынын Кам округунун администрациясынын башчысы Франц Лёффлер кыргызстандык студенттердин немис тилинин жакшы деңгээлин жана алардын Германияда билим жана тажрыйба алууга болгон умтулуусун канааттануу менен белгиледи, ошондой эле Кыргызстан менен мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдирди.

Иш-чарага ошондой эле бир катар Бавариялык компаниялардын жетекчилери катышты. Бул компанияларда кыргызстандык студенттер үч жыл бою өздөрү тандаган багыттар боюнча кесиптик билим алып, ошол эле учурда иштеп, тажрыйба алышат.

Кыргызстандан келген студенттер Германиянын компанияларында билим алып, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгү алардын келечектеги иштерине өбөлгө болорун белгилешип, Кыргызстан менен Германиянын жетекчилигине бул багытта колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK