2023-жылдын 11-октябрында резиденциясы Берлинде жайгашкан Кыргызстандын Финляндиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Финляндия Парламентинин Төрагасы Юсси Халла-Аха жана Кыргыз Республикасы менен парламенттик достук тобунун төрагасынын орун басары Атте Калева менен жолугушууларды өткөрдү

94

2023-жылдын 11-октябрында резиденциясы Берлинде жайгашкан Кыргызстандын Финляндиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Финляндия Парламентинин Төрагасы Юсси Халла-Аха жана Кыргыз Республикасы менен парламенттик достук тобунун төрагасынын орун басары Атте Калева менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди активдештирүү багытындагы маселеге басым жасалды. Тараптар Европа Биримдиги жана жалпысынан Финляндия менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча диалогду жана кызматташтыкты тереңдетүүгө жалпы кызыкчылыкты билдиришти.

Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар биргелешкен кыргыз-фин ишканаларын түзүүгө жалпы кызыкчылыкты билдирип, фин инвестицияларын Кыргызстандын экономикасына, атап айтканда суу-энергетикалык долбоорлорго жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорго тартуунун келечегин талкуулашты.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы эффективдүү өз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн парламенттер аралык деңгээлде координацияны күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Элчи Өмүрбек Текебаев парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүү элементи, ошондой эле эки өлкөдөгү демократиялык институттарды колдоо жана бекемдөө жолу экенин баса белгиледи.

Ошондой эле маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK