2024-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын кинотасмаларын чет өлкөлөргө жайылтуу боюнча “German Films” улуттук агенттигинин башкаруучу директору Симоне Бауманндын жолугушуусу болуп өттү

87

2024-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын кинотасмаларын чет өлкөлөргө жайылтуу боюнча “German Films” улуттук агенттигинин башкаруучу директору Симоне Бауманндын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кинематография тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Элчи Ө.Текебаев герман фильмдерин Кыргызстанда көрсөтүү үчүн аларды кыргыз тилине субтитр жана дубляж түрүндө которуу жаатында “German Films” менен кызматташууну сунуштап, агенттиктин өкүлдөрүнөн кыргыз тасмаларынын Германиядагы эл аралык кинофестивалдарга кеңири катышуусуна көмөк көрсөтүүнү суранды.

С.Бауманн “German Films” агенттигинин Кыргызстандын өкүлдөрү менен кинематография тармагында кызматташууну түзүүгө, герман тасмаларынын Кыргызстандагы эл аралык кинофестивалдарга катышуусуна кызыкдар экенин, ошондой эле кыргыз кинематография өкүлдөрүнө Германиядагы эл аралык кинофестивалдын уюштуруучулары менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар жогоруда аталган германиялык агенттик менен Кыргызстандын ортосундагы кинематография тармагындагы өз ара кызматташуунун бардык маселелери боюнча ишти улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK