2024-жылдын 23-январында Тюрингия Федералдык аймагынын Гота шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Эрфурт соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Олаф Зайбике менен жолугушуусу болуп өттү

139

2024-жылдын 23-январында Тюрингия Федералдык аймагынын Гота шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Эрфурт соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Олаф Зайбике менен жолугушуусу болуп өттү. Жолгушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тюрингиянын ортосундагы мейманкана бизнесин өнүктүрүү маселелери, анын ичинде бул чөйрөдө квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Текебаев ошондой эле «FAV Service gGmbH» компаниясынын жетекчиси Хейко Шюлер жана дуалдык билим берүү долбоорунун жетекчиси Денис Невинский менен жолугушту. Тараптар Германиядагы дуалдык билим берүү системасы аркылуу Кыргызстандан квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Германиянын экономикасына керектүү кесипкөй кадрларды даярдоо максатында дуалдык билим берүү системасы боюнча Германиядагы тажрыйбаны үйрөнүү Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Германиянын «FAV Service gGmbH» компаниясынын жетекчиси Х.Шюлер компания Германияда үч жылдык дуалдык кесиптик билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгү менен алектенерин билдирди. Долбоор Евробиримдиктин биргелешкен колдоосу менен ишке ашырылууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар Кыргызстандык квалификациялуу кадрларды Германияда окутуп, даярдоо боюнча кызматташууну түзүү максатында 2024-жылдын жазында Тюрингиядан бир катар компаниялардын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапарын «FAV Service gGmbH» тарабынан Элчилик менен бирге уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK