Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов борбордук Ал-Асыма чөлкөмүнүн губернатору шейх Талал Халед Аль-Ахмад Аль Сабах менен жолугушту

2835

2021-жылдын 22 сентябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов борбордук Ал-Асыма чөлкөмүнүн губернатору шейх Талал Халед Аль-Ахмад Аль Сабах менен жолугушту.

Элчи А.Карагулов кыргыз-кувейт кызматташтыгынын негизги жетишкендиктерине токтолуп, тараптардын жакынкы мезгилге болжолдонгон иш-чаралары тууралуу маалымдады. Анын ичинде расмий сапарларды уюштуруу, мекемелер аралык кызматташууну күчөтүү, эки өлкөнүн элчиликтерин куруу үчүн жер тилкелери менен алмашуу ж.б.у.с. Ушул жылдын жай мезгилинде Бишкек менен Эл-Кувейт шаарларыныны ортосундагы түз аба каттамынын ачылуусу менен кувейттик туристтердин Кыргызстанга болгон агымынын көбөйүүсүн оң натыйжа катары баалады.

Өз кезегинде шейх Талал Аль Сабах Кувейт жарандарынын Кыргызстан тууралуу жакшы ой-пикирлерин белгилеп, эки өлкөнүн жеке жана муниципалдык жактарынын өз ара аракеттенишүүсүнө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Тараптар ортосунда көптөгөн маселелерлде кеңири пикир алмашуу болду.

Элчи А.Карагулов Кувейт Араб Экономикалык Өнүктүрүү Фондуна Кыргызстандагы инфратүзүмдүк долбоорлорго көңүл буруп жаткандыгына жана кувейттик кайрымдуулук уюмдарынын социалдык долбоорлорду өлкөнүн борборунда жана региондорунда ишке ашырып келгендиги үчүн кыргыз тарабынын ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK